Мамлекеттик сыйлык турган маданият кызматкерлери белгилүү болду

Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча коллегиянын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-июлда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коллегиясы өтүп, анда сыйлыкка көрсөтүлгөн 352 искусство адамдарынын документи каралган. Жыйынтыгында 101 документ коллегиядан өтүп, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча катчылыгына жиберилген.

Көрсөтүлгөн сыйлык ээлери кийинки тепкичте колдоо алса, 31-август — Эгемендүүлүк күнүндө Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын жана Ардак грамотасын ыйгаруу аземи болот.