Сузакта изделип жаткан 5 жашар кыздын жансыз денеси табылды

Ош облусунун Сузак районундагы Кара-Алма айылында жоголуп кеткен 5 жашар кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 18 июль күнү саат 12:30 дар чамасында Сузак районун Кара-Алма айыл өкмөтү Кара-Алма айылы Жолдош-Ата эс алуучу жайында 2013-ж.т. А.Х.  ойноп жаткан жеринен табылбай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Божомол боюнча дайынсыз болуп жаткан кыз сууга тушүп кеткени айтылып жаткан.

Бул боюнча маалымат ӨКМге саат 20:40тар чамасында келип түшкөн.

Издөө иштеринин жыйынтыгында 19-июль күнү саат 11:30 чамасында изделип жаткан кыздын жансыз денеси болжол менен өзү  жоголгон жерден 500 м ылдый тараптан Кара-Алма суусунан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.