Памирлик кыргыздар: ата мекениби же азыркы мекениби?

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Расмий маалыматтар боюнча 2017-жылы Ооганстандын Улуу жана Кичи Памиринде жашаган 48 этникалык кыргыз Кыргызстанга келген.  Аларды  тарыхый  мекенине алып келип, балдарын окутуу демилгеси экс-депутат Чолпон Султанбекова тарабынан көтөрүлгөн. Ушу тапта алардын 18и кайрадан Ооганстанга кетишти. Тарыхый мекенине келген этникалык кыргыздардын кайра кетишине эмне түрткү болгонун иликтеп көрүүнү чечтик.

Бизге  жеткен  маалыматтарга  таяна  турган  болсок,  аларды  тажик-афган чек арасынын “Ишкашим” көзөмөл-өткөрмө пунктуна чейин атайын дарыгер менен чек ара кызматынын офицери коштоп узатып барган. Чек арадан өтүп баратканда алар кыргыз Өкмөтүнө ыраазычылыктарын билдиришкен. Эске салсак, 28-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев памирлик эки үй-бүлөнүн кайрадан көчүп кеткени жатканы тууралуу айтып, аны этникалык кыргыздарга кыргыз Өкмөтү тарабынан жеткиликтүү көңүл бурулбай жаткандыгы менен түшүндүргөн. Ооганстандан Кыргызстанга келген 48 этникалык кыргыздын бирөөсүнө үй берилген. Ал эми калгандары үйү жок, ар кимдин үйүндө ижарада жашап келишет. Ооганстандан келген боордошторубузду Өкмөттүн чечими менен Нарын облусуна жайгаштырышкан. Аталган облуста жашаган памирлик кыргыздарга үй берилбегендиктен алар сарайда жашап, тиричилигин өткөрүү үчүн мал багууга аргасыз болушкан.

Нарын облусунун Ат-Башы районунда былтыртан бери жашап, үй-бүлөсү жана туугандары менен кайрадан ооган жерине кетип жаткан Сайдирахман Арапбай уулунун айтымына караганда алар тарыхый мекенине келүү менен ата-бабасынын жеринде байыр алып, бала-чакасына билим берип, андан ары жашоосун улантууну көздөшкөн. Улуу баласы Хабибирахман кыргыз тилинен мугалим болгусу келген. Бирок, жагдайга жараша кайра ооган жерине кетип жатканын жана ал жакка баргандан кийин кайра келер келбесин чечерин айткан. Анын замандашы Абдубаит Жээнбек уулу бул үй-бүлө кайрадан мал багуу үчүн Кыргызстанга келери күмөн экендигин айткан. Сайдирахман уулу Кыргызстандан жок дегенде жер берет, үй-бүлөсү жумуш менен камсыз болот деп үмүттөнгөн. Бирок, Кыргызстанда тиричилигин өткөрүү алар күткөндөй болбогондуктан кайра кетүүгө аргасыз болушкан. Бул жагдай боюнча өкмөттүн басма сөз катчысы Чынгыз Эсенгул уулу “Ата-энелеринин коштосунда биз алардын балдарын окуталы деп алып келгенбиз. Аларга жарандык берүү жөнүндө сөз да болгон эмес. Алардын каалоосу боюнча мамлекет убактылуу жашап туруу үчүн турак-жай берген”– деп басма сөз каражаттарына билдирген.

Өлкөбүздөгү жумушсуздуктун айынан жарандыгы бар жарандарыбыздын жумуш табуусу кыйын болуп турганда, жарандыгы жок этникалык кыргыздардын жумуш орундар менен камсыз болушу мамлекеттик деңгээлде, өзгөчө көңүл бурула турган маселе экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Эгер, алардын балдарын окутуу менен эле чектеле турган болсок, ал балдардын ата-энелерин, туугандарын алып келүүнүн кажети бар беле?

Улуу жана Кичи Памирдеги боордошторубузду өлкөбүзгө алып келип, “эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тарткан” жокпузбу? Алар тоодо мал багып жашагандыктан Кыргызстанда да мал бактыра берсек боло берет деген көз карашпы?

Өмүр бою климаты катаал тоолуу аймак-та жашаган этникалык кыргыздарды кыш айлары узакка созулган Нарын облусуна жайгаштырбай климаты ыңгайлуу башка облуска жайгаштырсак болбойт беле? Аларды ар кайсы аймакка чачыранды кылбай бир аймакка жайгаштырсак, мүмкүн мындай жагдай жаралмак эмес. Анткени алардын кыргыз жеринде адаптация болушу, эл менен жуурулушуп алака түзүшү да оңойго турбаса керек. Алар Ооганстанга жакыныраак, климаты жылуу Ош облусунда жашагылары, мүмкүн болсо биротоло калып, Кыргызстандын жарандыгын алгылары келгендигин айтышкан. Казакстан дүйнөнүн ар кайсы тарабында жашаган казактарды чакыртып алып жатат. А биз өлкөбүздө биротоло жашагысы келип, чет жерден келген кыргыздарды алып калуунун жолун да караштырбайбыз.

Нарын шаарында жашаган Дөөлөт Токтакун кызы өзүлөрү менен чогуу келген кыргыздар башка аймактарда жашагандыктан жергиликтүү эл менен жакындан баарлаша албагандыгын айткан. Эл арасында жашап, бирок эл менен баарлаша албай, өз маселесин чече албаган адам өзүнөн-өзү адам коомунда деградацияга дуушар болот. Дөөлөт Токтакун кызынын күйөөсү жергиликтүү тургундун чарбачылык иштерине жардам берүү менен тиричилигин өткөрүшөт. Бирок тапкан каражаты жетишсиз болгондуктан, жашаган үйүнүн ижарасына жетпей, үй ээси башканы жашатам деп жаткандыгын айткан. Өлкөбүзгө келген этникалык кыргыздардын арасында турмуш тиричилигин жакшыраак өткөрүп жаткандары да бардыр, бирок боордошторубуздун тарыхый мекенине байыр алып, баар табам деген үмүт менен келип, мындай жагдайга туш келгендери да жок эмес. Андыктан бул маселе жогорку бийликтердин көңүл борборунда болушу кажет.

Бул жагдай боюнча КР миграция кызматынын кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетовага кайрылганыбызда ал: “Памирлик кыргыздар Ооганстандан келгенден бери коштоп, ар кыл маселелеринин чечилишине аралашып келем. Алар Ооганстандын жараны болгондуктан Кыргызстанга биротоло көчүрүп келүү жөнүндө тараптардын ортосунда түзүлгөн келишимде сөз да болгон эмес. Этникалык кыргыздар келишим түзүлөрдө кошумча каражат табуу үчүн кандай жумуш болсо да иштейбиз, балдарыбыздын жанында болсок болду дешкен. Алгач 33 жаран келсе, кийин Дубай аркылуу 15 жаран келди. Бул жакта бир үй-бүлөдө бала төрөлүп, аны менен 49 болушту. Бала төрөлгөн үй-бүлөгө сүйүнчү катарында үй берилген.

Ал эми кайрадан кеткен кыргыздардын карыган ата-энеси жана жакын туугандары Ооганстанда болгондуктан балдарынын жайкы каникул учурунда аларга учурашып келели деп Өкмөткө кайрылышты. Макулдашуунун негизинде кыргыз тарап алардын мекенине барып келүүсүн каржылап берет. Аларды узатып барганда тажик-афган чек арасынан бизге телефон чалып, күздө кайра келе тургандыгын айтышты. Алар бизге “жер бергиле” дешти. Бирок биз алар чет өлкөнүн жараны болгондуктан жер бере албайбыз. Жалпысынан 8 өспүрүм лицейде билим алышса, калгандары Үсөнов атындагы жатак мектептен окуп, билим алышты. Мугалимдердин айтуусу боюнча мектепте окуган балдардын кабыл алуусу жогору. Тилди да бат өздөштүрүшөт. Ал балдарды КР Өкмөтү тамак-аш, кийим кечек жана жатакана менен камсыздады.

Мындан сырткары Кыргызстанга келгенде алардын ар бирине мамлекет тарабынан 50 миң сомдон берилген. Аларды Саламаттыкты сактоо министрлиги менен кеңешип, анан Нарын облусуна жайгаштырганбыз. Анткени алар бийик тоолуу аймакта жашагандыктан, биздин өлкөнүн климатына ыңгайланышсын деген максатта бул облуска бөлүнгөн. Баарын бир жерге жайгаштырууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан Нарын облусунун ар кайсы райондоруна бөлүнгөн. Аларды үй-жай менен камсыздоодо аталган облустун жетекчилери жакшы жардам көрсөтүштү”, – деди.