Жарыбаган «жашыл экономика»

Күмөндөр УСУПТЕГИН, «Кыргыз Туусу»


Нарын облустук курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча башкармалыгынан алынган маалымат боюнча дубандагы мамлекеттик токой корунун токой баскан аянты 103 миң 530 гектар. Бул Нарын облусунун аймагынын 0,52 гана пайызын түзөт дегенди билдирет.

Алар негизинен үч түрдүү дарактардан: тескей тарап-тардагы ийне жалбырактуу, арча токойлору жана жайылмаларда өскөн дарак-бадалдардан турат. Эгерде планетанын  кургак  жерлеринин 30 пайызын токойлор ээлегендигин эске алсак, анда Нарындагы токойлор салыштырмалуу 60 эсеге чейин төмөн экендиги айкындалат. Натыйжада, жашыл экономикадан киреше табуу али түшкө дагы кире элек десек болот. Ошондой болсо дагы токойчулар тарабынан чыпалактын тырмагындай каражат топтолуп жаткандыгын адистер белгилешет.

– Мамлекеттик агенттиктин 2017-жылдын 18-январында бекитилген №01-9/15 сандуу «Токой чарбаларга жана өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарына 2017-жылга өндүрүштүк тапшырма боюнча» буйругунун негизинде Нарын аймактык башкармалыкта экме токойлорду отургузуунун мамлекеттик тапшырмасы 90 гектар аянтка бекитилген болсо, иш жүзүндө 88,3 гектар аянтка экме токой тилкери түзүлгөн. Бул аянтка  193,4  миң  көчөт  тигилди.  Ал эми мамлекеттик токой фондусу-нун жеринде мурунку жылдардагы тигилген экме көчөттөрдү толук-тоо жалпысынан 61,3 га аянтында жүргүзүлүп, бул үчүн 63,6 миң даана көчөт отургузулду. Ошондой эле туруктуу өнүгүү программасынын алкагында “Жашыл долбоор” боюнча сел жүрүү кооптуулугу жогору болгон аймактарда 18 690 түп көчөт тигилди.

Токой чарбаларынын 22 көчөтканаларында көчөт материалдарды отургузуу жана өстүрүү иштери 11,6 гектар аянтта жүргүзүлгөн. Акыркы инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча бул көчөтканаларда 2 млн. 36 миң көчөт бар. Анын ичинен  жашылдандыруу  жана көрктөндүрүү иш-чараларына жарактуу көчөттүн саны 519 миң даананы түзөт. Үрөн чогултуунун тапшырмасы 360 кг болсо, 100 пайызга аткарылган. Жазгы үрөн себүүгө кошумча түрдө карабактын үрөнү чогултулат. Ассортиментти көбөйтүү максатында Ат-Башы жана Нарын токой чарбаларында Тянь-Шань карагайынан башка түрдөгү ийне жалбырактуу (пихта, сосна) дарактардын үрөнүн камсыздоо каралып жатат.

Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде токой чарбасын натыйжалуу жүргүзүү, токойлуу аймактарда жана токой четинде же ага жакын жерлерде жашаган калктын социалдык турмуш деңгээлин жогорулатуу жана калкты токойлорду пайдалануу, токойду өстүрүү, токойлорду сактоо, коргоо жана башкаруу иштерине тартуу максатында 2017-жылга карата жалпысынан 304 ижара келишими түзүлгөн, бул ке-лишимдер боюнча 45,6 миң гектар жер аянты ижарага пайдаланууга берилип, ижара акысынан түшкөн каражаттын өлчөмү 1 млн. 267 миң сом болду. Токой чарбаларынын жайыт жерлери 190, 7 миң га болуп эсептелет жана аларды пайдалануу 31 пайызды түзөт.Ижара акылары тиешелүү райондук аймакка жараша жайыт комитеттери менен биргеликте ар бир 1 га аянтка 15 сомдон 30 сомго чейин белгиленген,-дейт аталган башкармалыктын башкы адиси Таалай Абдыраев.

Ал эми облустагы токой чарбалар жерди ижарага берүүдөн, токой арасындагы жайыттарга мал жаюу дан, көчөт менен калкка отунга жана курулуш материал катары сатуудан ж.б. кызмат көрсөтүүдөн өткөн  жыл  ичинде  9,5  миллион сом киреше табышса, Нарын жана Каратал-Жапырык коруктары менен Салкын-Төр жаратылыш паркы жалпысынан 1 млн. сомго жакын каражат чогултушкан. Мындан сырткары экологиялык туризмден Нарын мамлекеттик коругуна 207 миң, «Салкын-Төр» мамлекеттик жаратылыш паркына 266 миң сом жана Каратал-Жапырык коругунун Соң-Көл участогуна 2 боз үй туристтик пайдалануу үчүн бардык шарттары менен тигилип, алгачкы экотуризмден 33,2 миң сом киреше түшүптүр. Ошентип жалпысынан жашыл экономикага өткөн жылы 11 млн. сомго жакын каражат топтолгон экен. Эгерде мамлекет демек улуу Нарын дайрасы баш болгон негизги өзөндөрдүн кылымдан бери бош жаткан жээктеринен гектарлаган жерлерди бак-дарак олтургузуу үчүн каалоочу жарандарга бир нече жылга (балким 10 жылга) чейин акысыз берип өстүрүлгөнүнө көзөмөл кылса, анда токой аянтта-ры көбөймөк эле. Анын кирешеси убагы келгенде калктын экономикасын чыңдамак.