Мурдагы тажик оппозиционерлери мекенине кайтууда

Тажикстан Кайра жаралуу партиясы жана “Группа 24” уюмунун жүзгө жакын мурдагы мүчөсү мекенине кайтты. Бул тууралуу Тажикстан ИИМи билдирди. Ислам партиясы жана “Группа 24” тобу бул өлкөдө террордук уюм катары таанылган.

Диний партиянын тарапташтарынын 10 кишиден турган акыркы тобу ай башында мекенине кайтты. Алардын көбү генерал Абдухалим Назарзоданын 2015-жылдагы куралдуу козголоңунан кийин өз өмүрлөрү үчүн кооптонуп, Орусияга чыгып кетишкенин билдиришкен.

Тажикстан ИИМи даярдаган видеосюжетте алар мыйзамга каршы иш жасашпаганын, тажик бийлигинин чакыруусу менен үйлөрүнө кайтышканын билдиришкен.

“Группа 24” тобунун дагы айрым тарапташтары Тажикстанга кайтышты. Алардын ичинен жетөө оппозициялык кыймыл менен байланышты үзгөнүн билдиришти.

Тажикстан президентинин алдындагы Стратегиялык иликтөөлөр институтунун директор орун басары Сайфулло Сафаров качкын оппозиционерлерге карата мамлекеттин саясаты өзгөрүлбөгөнүн, бирок кылмыш жасабагандар каалаган учурда өлкөсүнө келе аларын айтты.