Уулубузду таякелери кеңешип туруп өлтүрүшкөн, бирок…

Чынтурган ЖАПАШОВ, Турганбүбү ЖАПАШОВА, Алай районунун тургундары


Биздин 1972-жылы туулган уулубуз Илияз Жапашовду Сокулук районунун жашоочулары, бир туугандар Сабырбек жана Таалай Маматкулов менен алардын атасы Токтосун Маматкулов, акчага жалданып барган кошунасы Бобир болуп талаага алып барышып, 2015-жылдын 12-апрели күнү мыкаачылык менен өлтүрүп коюшкан. Ошондон бери көз жашыбыз тыйылбай, көксөөбүз суубай келет. Себеби кылмышкер толук кармалбай, райондук сот тарабынан калыстык, адилеттүүлүк болбой жатат. Бул тууралуу буга чейин Президентибиз А.Атамбаевге, Башкы прокурор И.Жолдубаевага, ЖКнын төрагасы Ч.Турсунбековго арыз жазып кайрылганбыз. Бирок жазган арыздарыбыз өз дарегине жеттиби, жетпей калдыбы, аны биле албай, бир канча жолу эшигинин алдына барып, кире албай да келебиз. Силерден башка кайда барабыз? Айлаң куруп, амалын түгөнгөңдө: “Мурда бир союзда жашаган бир тууган элек”, – деп Путинге барабызбы?.. Чындык чыркырап күйүп жатканын көрүп, билип туруп айласы кеткенде адам баарын ойлойт экен. Ток этер жерин айтсак, уулум мыкаачылык менен өлтүрүлгөн ошол эки жылдан бери кылмышкерлерге адилет жаза берилбей келет. Сокулук рай- онунун соту ошондон бери беш-алты жолу сот отурумун өткөрдү. Сот алмашты. Бирок мыкаачылардын бирөө гана кармалып, камалып отурганы менен, калгандары эркиндикте жүрүшөт.

Окуянын чоо-жайы мындайча болгон… Ош облусунун Алай районунда туулуп-өскөн уулубуз Илияз Жапашов Сокулук районунан жер алып, мал семиртип багуу аракетинде кашар (мал сарай) салган. Ошол убакта бир тууган таякеси (кайним) Токтосун Маматкулов жана анын үй-бүлөсү кредит төлөй албай калышканын жана жакында Россиядагы үйүн сатып, ошонун акчасы тийсе эле беришерин айтып, уулубуздан бир жарым мил- лион сом карызга сурашат. Оюнда кири жок Илияз сураган акчаларын колуна карматат. Бирок убакыт улам созулуп, убада кылынган маал өтүп кетсе да карызга алынган акча кайтарылбайт. Балабыз сурай баштайт. Карызга алган тарап (таякеси, таяжеңеси, балдары менен) нааразы болушуп, жаман-жакшы сөздөрдү айтып, жаңжал чыгарышат. Акыры карыздын бир аз бөлүгүн кайтарып беришет.

Бир күнү анан, 2015-жылдын 12-апрелинде Токтосундун уулдары Самат, Таалай жана бизге жеткен маалыматтарга караганда дагы бир бир жалданган адам (кошунасы Бо- бир) үчөө уулумдун кашарына (салынып жаткан сарайга) келишет. “Акча керекпи? Жүрү, биз менен!” – деп баланы опуза менен салып кетишет да, талаага алып барып, мыкаачылык менен өлтүрүшөт. Атүгүл кантип өлтүрүшкөнү тууралуу ай- ылда бирөө-жарымга мактанып айткандары да бизге угулган. Бизге угулган ал кепте: “Мен эки колун кармап турдум, жалдап барган адам көкүрөккө бычак менен урду”, – делет… Бирок коркутушканбы же акча менен ооздорун бекитип коюшканбы, айтор күбөлөрдүн баары эми тилдерин тиштерине катып калышкан.

Баланы кимдер, кантип алып кетишкенин биз, ата-энеси, ошол жерде иштеп жаткан усталардан ошол эле убакта, Алайда жатып уккан болчубуз. Телефон чалган усталардын бири: “ Токтосун деген тагасы бар го, ошонун балдары ке- лип коркутуп алып кетишти”, – деп байбичеме чалган болчу. Ошондон көп өтпөй эле кайнимдин уулдарынын бири адам өлтүрүп алгандыгын, жалгыз экендигин айтып, кабар берген.

Көрсө, булар ишти жеңилдетүү, калгандарынын изин жашыруу үчүн атайылап ушундай кадамга ба- рышкан. Бирок анын жалгыз эмес экендиги кашкайып эле көрүнүп турбайбы. Бул – видеотасмада да көрүнүп турат. Рульда – Таалай болгон. Тактап айтканда, алар келе жа тып автозаправкадан машинеге май куюшкан жана ошол жердеги видеокамерага түшүп калышкан. Камера тууралуу да биз билбей калмакпыз жана муну да кандайдыр жолдор ме- нен жок кылып коюшат беле, Кудайдан болуп, биз кайнимдин өзүнүн оозунан чыгып кеткен сөзүнөн улам таап алганбыз. Бирок (рульдагы) кичүү уулу Таалай: “Мен жолдон түшүп калгамын, ал жакка барган эмесмин,” – деп көрсөтмө берүүдө. Бирок камерада анын түшүп калга ны эч көрүнбөйт, алар ошол бойдон түз эле баламдын кашарына барышкан.

Биздин билишибизче, булар бул ишти – баламды өлтүрүүнү, карыздан “кутулуу” үчүн атайылап эле, күн мурун пландап алып жасашкан. Ал эми кылмышка Саматты гана сала бергендери тууралуу эки оюм бар, биринчиси: “Баштагыдай кайра чыгарып алабыз, сен мойнуңа ала бер”, – деген ишеним. Себеби булар мындай иштерге көнүп калышкан. Бир канча жолу хулигандык кылып, кыз зордуктап, ал түгүл айыл өкмөтүн уруп, милицияга түшсө деле суудан кургак чыгып, акталып чыга беришет. Экинчиси: 2012-жылы кайним Токтосун аялы менен ажырашып, менин үйүмдө жашап турганда: “Самарбек мени кордоп, урду. Эми дагы бир жолу түрмөгө түшсө, чыгарбайм. Ошол жактан киши болсун же жоголсун”, – дегени бар. Буга таянсак, баласын атайылап эле ушуга тукурган болуу керек.

Бирок мунун баарын иликтеп, изилдеген эч ким жок. Сот, прокурор, алардын адвокаты деле билимдүү, тажрыйбалуу, “биттин ичегисине кан куйган” көрөгөч адамдар, андыктан мунун баарына көздөрү жетип, билип эле турушканына ишенем. Бирок эмнеге аларга жан тартып, бизди жактырбай эле жемелеп, жек көрүп жатып калышат, билбейм…

Урматтуу Президент, урматтуу башкы прокурор, урматтуу ЖК төрагасы, майда маселе дебей мына ушул ишке маани берип коюуңуздарды суранабыз