Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго жаңы айыбы угузулду

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго жаңы айыбы угузулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-июлда УКМК Башкы тергөө башкармалыгы жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык жер участокторун пайдаланууда коррупция фактысы боюнча иликтеп жаткан кылмыш иштердин алкагында, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмүндө (коррупция) каралган кылмыш белгилеринин негизинде  А.Ибраимовго айыбы угузулду.

Тергөөдө белгиленгендей, А.Ибраимов пайда көрүү максатында өзүнүн жеке ыйгарым укугун пайдалануу менен Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер участокторун Бишкек шаарынын мэриясынын башка кызмат адамдары менен менчикке берүү боюнча кылмыштуу схемасын уюштурган. Ошол эле учурда өзгөчө ири өлчөмдө акчалай пайда алуу максатында жер участокторун өздөрүнө тиешеси бар тараптарга каттатышып, алар аркылуу башка жактарга сатышкан.

Буга чейин атайын буюмдарды жогорулатылган баа менен сатып алуу жолу аркылуу «ТНК Дастан» ААКтын мүлкүн менчиктештирүү жана таратуу фактысы боюнча кылмыш иши каралып жаткан.

А.Ибраимов 19-июлда кармалып, сот 29-августка чейин камакта калтырган.

0 Поделились