Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгы белгиленбей калабы?

Даярдаган Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Кыргыз Туусу»


Былтыр Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленмек. Өкмөт тарабынан Сагымбайдын күмбөзүн калыбына келтирүүгө 3,3 млн.сом бөлүнүп, толук бүткөрүлгөн. Бирок алп манасчынын мааракесин өткөрүү тууралуу сөздөр басаңдап, атүгүл унутта калып бараткандай. Буга тынчсызданышкан чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү “Кыргыз Туусу” гезитинин редакциясына кайрылышты.

Кеңеш ЖУСУПОВ, Кыргыз Эл жазуучусу: «Эң кызык «Семетейи» жазылбай, өзү менен кошо жерге кетти»

Мен улуу манасчы Сагымбай Орозбак  уулу  жөнүндө  боз бала  кезден  уккан  элем.  Жусуп  атамдын  замандашы, ынак  курбусу,  кесиптеши Сапарбай  Сооронбаев  деген мугалим  кошуна  Оттук  деген  айылдан  болчу,  биздин үйгө да бат-бат келип калар эле.

Ал  отузунчу  жылга  чейин К.Рахматуллин, К.Мифтаков, Ы.Абдыракманов менен бирге Сагымбайдан “Манас” эпосун жазып ка-лууга катышкан экен. Сапарбай ата улуу  манасчынын  биздин  Солтон-Сары жайлоосунда жүргөнүн, эл аралап “Манас” айтканын, жөнөкөйлүгүн, кыял-жоругун, шарты жок жерде жаз-ганда анын кыйналганын, а тургай ке-дей турмушта жашаарын кейип айт-кандары али эсте.

Чын эле Сагымбай деген бу жалган дүйнөгө бир келген, ой дүйнөсү мухиттей ташыган чебер сүрөткер. Улуу манасчы залкар устаттардын жолун жолдоп, кыргыз элине “Манас” эпосуна көркөм ой жүргүзүп, ыйык мурасты калтырды. Ал эпоско жаңы боёк, поэ-тикалык табылгаларды кошуп, улуттун эл-жери үчүн күрөшкөн эрдигин, даанышмандыгын сүрөттөй алды.

Биз улуу манасчыны замандаштарынын эскерүүсүнөн гана бешене-бейнесин билип калдык. Сагымбай ата эл оозунда оюна жамандык албаган, эч кимди какпаган, акактай таза,олуя адам катары айтылып, алигиче эскерилип келет. Ал “Манас” айтканда ылаңдаган малдын ылаңы кан буугандай токтоп, ооругандар, кара баскан аялдар тагдыр жалгап, айыккандары көп болгон.

Акын Токтогул Сатылганов: “Кыргыздан мындай манасчыны эч көргөн эмесмин, эстен тандым” – деп тамшанып, талантына, чеберчилигине, өнөрүнө жогору баа берген.

Жашырганда  не,  улуу  манасчы  Сагымбайдын  акыркы  жашоо-тиричилиги да, кийинки чыгармачылык жазмышы да аянычтуу. Ал бир калам көң үчүн да күркүрөп ырдап жүрүп, бала-чакасын баккан. Анын айтканы боюнча убагында он беш том жазылса да, толук бойдон бизге жетпеди. Көзү өткөндөн кийин деле дастанында дин ырдалат деп, нечен жыл китебин чыгарбадык. Оргуп чыккан булактын көзүн көрө албастык менен таш ыргытып, бүтөй бериппиз. Кайран булбулдун эң кызык “Семетейи” жазылбай, өзү менен кошо жерге кетти.

Алп манасчы Сагымбай оорукчан болуп, карып калган кезинде көрө албаган, ичи тар, тайкы адамдардын жер бөлүп, кодулаганына моюн сунбай, кабак-кашым дебей туруп, “Манасты” кагазга түшүрүп жаткан адамга: “Азыркыбызга кейибейли, кийинки укум-тукумубуз үчүн кейийли, жүр-нарыга салбай, жакшылап айтып, жакшылап жазалы, булар билбесе, кийинки калыс өспүрүмдөр билер. Бизге ыракмат айтышар” – деген экен. Сөз жетпейт, көзү ачык, эрен манасчыга таазим гана дейбиз.

Каныбек ЖУНУШЕВ, акын, Токтогул сыйлыгынын ээси: «Сагымбайдын мааракеси быйыл белгилениши керек»

Дүйнөлүк  залкарлардын  сабында  турган  улуу  манасчыСагымбайдын  айтуусундагы  “Манас”  совет  доорунда саясий  идеологиянын  жеми болуп  улутчулдук,  диндик көз  караштагы  чыгарма  катары бир жактуу бааланып, не  деген  талаш-тартышка түшпөдү.

Аны жактоочулар репрессияга кабылып,  айрымдары  баш-оту менен жок болуп кетишти. Улуу манасчынын өзүнө да ыксыз дооматтар коюлуп, оор тагдырга туштукту. Ушул себептүү анын тирүү кезинде эле ага моралдык, материалдык колдоо көрсөтүлбөй, жада калса өмүр баяны да түзүктөп жазылбай, жанында ылым санаган киши жок жалгыз калган. Анын теңдешсиз манасчылык, ырчылык, жомокчулук өнөрүн изилде-генден жаа бою качышып, а тургай 100 жылдык мааракеси да өткөрүлгөн эмес.

Айта кетүүчү нерсе манасчынын 125 жылдыгын өткөрүү да оңойго турган жок, тымтырс абалда эле. Кудай жалгап 70 миң нуска менен чыгуучу “Ала-Тоо” журналына менин “Улуу манасчы” деген публицистикалык макалам чыгып, көпчүлүктү ойготкондой болгон.

Мезгилдин  учкулун  карагыла, ачып-көздү жумгуча улуу манасчынын 150 жылдыгы кирип келди. Былтыр Өкмөт Сагымбай Орозбаковдун 150  жылдыгын  өткөрүү  тууралуу токтом кабыл алганы менен мааракеси кечеңдеп жатат. Дагы эле болсо өткөрүлөт деген үмүтүбүз чоң.

Ысмайыл КАДЫРОВ, жазуучу, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Манас” энциклопедиясынын авторлорунун бири: «Сагымбайды унутканыбыз Манасты унутканга тете»

«Улутубуз  –  кыргыз,  урааныбыз  –  Манас»  деп  сый-мыктанабыз.  Чынында  эле улутубуз  жөнүндө  ойлосок, дароо  Манас  атабыз  эсибизге  келет.  Кыргыз  менен  Манасты  ажыратып  айтууга болбойт.  “Манас”  эпосу  залкар  жазуучу  Ч.Айтматов айткандай  кыргыз  рухунун туу чокусу.

“Манас”  эпосу  көлөмүнүн чоңдугу жана вариантынын  көптүгү  менен  да  дүйнөдө  эч бир  теңдеши  жок  чыгарма  катары бааланат.  Манасчылык  өнөр  кыргыз элине гана таандык уникалдуу өнөр. Кыргыз элинде көптөгөн манасчылар болгон, азыркы кезде да көптөрү өсүп келе жатат. Алардын ичинен аттын кашкасындай бөлүнүп турганы – Сагымбай Орозбаков. Бүт өмүрүн “Манас” изилдөө ишине арнаган окумуштуу Самар Мусаев баш болгон изилдөөчүлөр алп манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантын мазмуну,  идеясы,  көркөмдүгү  жагынан жогорку деңгээлде иштелген, композициясы боюнча толук бүткөн монументтүү элдик көркөм чыгарманын бийик үлгүлөрүнөн экенин белгилешет.

С.Орозбаковдон жазылып алынган “Манас” эпосу 180 578 сап ырдан туруп, дүйнөдөгү эң чоң делген фольклордук чыгармалардан бир нече эсе ашат. Негизинен элге Сагымбай менен Саякбайдын варианты гана кеңири тараган. Кыргыз эли окуп жатканы дагы, дүйнөнүн башка тилдерине которулганы дагы ушул залкарлардын варианттары.

С.Орозбаков  “Манас”  аркылуу  акыл-эсине  бүтүндөй  аалам баткан  уникалдуу  адам.  “Манас” изилдөөчүлөр, илимпоздор, адабиятчылар Сагымбайдын “Манасы” башка  варианттарга  караганда  кыйла салмактуу  экендигин  белгилеп  келишет.  Сагымбайдын  “Манасын” бүгүнкү күнгө жеткирген К.Мифтаков, Ы.Тойчинов,  Ы.Абдырахманов, С.Мусаев, А.Акматалиевдердин эмгеги зор экендигин дагы унутпашыбыз керек.

Ырас, Сагымбайдын бир нече томдук “Манасы”, академиялык басылышы, “Сагымбай энциклопедиясы” жарык көргөн. Демек, кыргыз элинин урааны болгон Манасты даңазалап, бүгүнкү күнгө жеткиргендердин эң ири өкүлү Сагымбай атабыз экени талашсыз. Бирок биз аны даңазалай албай келебиз. Бул “Манастын” өзүнүн окуяларындагы Тазбаймат Манасты унутуп калгандай эле кеп. Ошондуктан С.Орозбаковдун 150 жылдык мааракесине арналган ар кандай деңгээлдеги иш-чараларды:  илимий  конференцияларды, Сагымбай боюнча окууларды, китеп, сүрөт көргөзмөлөрдү ж.б.  өткөрүп,  Сагымбайдын  кыр-гыз  адабиятындагы,  кыргыз  маданиятындагы орду, манасчылык чеберчилиги тууралуу жаш муундарга байма-бай  жеткирип  туруш  керек эле.

Тургунбай САДЫКОВ, Кыргыз Республикасынын баатыры, СССРдин эл сүрөтчүсү: «Мага аттардын дүбүртү, аскерлердин кыйкырыгы угулуп тургандай сезилчү»

“Манас”  монументалдык ансамбли  коюлгандан  бери 40  жыл  өтүптүр.  Сагымбай Орозбаковдун  портретинин  үстүндө  иштеп  жаткан учурумда  анын  манасында айтылган  эпизоддор,  согуш учурлары, жөн эле жай турмуш  көз  алдыман  кетпегени али да эсимде.

Мага аттардын дүбүртү, аскерлердин кыйкырыгы, оор жараттан онтогондору угулуп тургандай сезилчү. Манасчынын образы ушундайча жаралды. Анын термеле берип, колун жаңсап Манас айтып жатканы көз алдымда турду. Ал айткан окуяларга өзүм да аралашып кеткендей болуп жүрдүм. Анын жүзүндөгү кыймылдар айткандарын толуктап тургандай туюлчу. Мен анын баарын чагылдырганга, араң эле үлгүрүп жаттым. Мага ал – Манастагы баатырдай эле көрүндү. Анын айланасында ар кандай түстөргө боелгон, кылымдардын чаңы баскан мейкиндик созулуп жатты…

Мен “Манас” жомогуна ушинтип аралашып калганыма, алардын каармандарын жана айтуучуларынын элесин кылымдар бою тура тургандай ташка чегип калганыма абдан бактылуумун.

Эсентур КЫЛЫЧЕВ, акын, публицист: «Ааламда бир жаралган уникалдуу талант…»

Улуу  манасчыларыбыздын бири Сагымбай Орозбак уулу туурасында  заманыбыздын залкар  жазуучусу  Чыңгыз Айтматовдон ашык баа бере албасыбыз бышык.

Ч.Айтматов өзүнүн мыкты эсселеринин бири болгон “Байыркы кыргыз рухунун туу чокусунда” манасчы жөнүндө минтип жазат: “…манасчы Сагымбай Орозбаковдун ашкере даңкы ушул күнгө чейин калың журттун арасында ооздон түшпөй айтылып келе жатат. Бул кокусунан келип чыккан иш эмес. Үстүбүздөгү  кылымдын  башында жашап өткөн Сагымбай Орозбаков маалыматтарга караганда, манасчылардын тизмесинде башкача бир орун ээлеп, өзүнчө бийиктелген аскар-тоо. Албетте, муну калктын аңызы, сүймөнчүлүгү десе болоор. Ал эми Сагымбай Орозбаковдун өз оозунан 20-жылдарда изилдөөчүлөр жазып алган “Манас” дастанын окуп көрсөк, жогоруда айтылган Сагымбайдын даңкы эң  орундуу  экени  апачык  боло түшөт.

“Манасты” көп эле жомокчулар айтып келген. Алардын устаттыгына эч кандай күмөн койбой Сагымбай Орозбаковдун өнөрүн айырмаланта  бөлүп  кароого  толук эби бар. Сагымбайдан жазылып калган тексттерди кунт коюп окуп чыккан ар бир адам Сагымбайдын  сөз  байлыгына,  акындык чеберчилигине, ташкындаган сүрөткер кудуретине баш ийбей койбойт. Бул бир ааламда укмуш жаралган уникалдуу талант. Балким, эч убакытта кайталанбас руханий көрүнүштүр…”

Чынында эле манасчыга мындан артык баа бериш мүмкүн эмес. Албетте, кыргыз эли, кыргыз элинин сыймыгы “Манас” дастаны жашап турганда Сагымбай Орозбак уулу сыяктуу манасчыларыбыздын аты түбөлүк жашап тураары белгилүү иш. Ошентсе да алардын улуу талантына, эл алдындагы эмгегине такай кайрылып, башыбызды ийип турушубуз абзел. Бекер жеринен ХХ кылымдын мыкты акындарынын бири Расул Гамзатов Абуталибдин “Эгер өткөндү каратып тапанчадан ок чыгарсаң, келечек сени замбирек менен атат”,- деп айтканын эскербесе керек. Эгер биз Сагымбай манас-чыны эскерсек аныбыз кыргыздын улук дастанын, элибиздин өткөн тарыхын эскергенибиз эмей эмне. Бирок, муну да ар кандай түрдө, элге керек, эсте калаарлык, баарыбыз ыраазы боло тургандай мисалда, тарыхта калаарлык мыкты иш ча-ралар менен өткөрүү жагы жакшы ойлонуштурулса туура болмок. Айтсам, документалдык кинотасмалар тартылса, жогорку окуу жайларында илимий конференциялар уюштурулса, эл кызыгып көрө турган, уга турган телерадиоберүүлөр, манасчылар туурасындагы китептер, манастаануучулардын тандалган классикалык изилдөө-эмгектерин чыгаруу жаман болбос. Биздин маданиятка, илим-адабиятка керек нерселер мына ушундай улуу, залкар адамдарды эскерүү мезгилинде ишке ашышы керек деп эсептейм.