Гүлчамбар: Жайлоодон соолгон булактай… Жалп этип өчкөн чырактай…

Кыргыз журналистикасынын жылдызы жанып келаткан  чыгаан таланттарынын бири Уланбек Эгизбаев жалп этип өчкөн чырактай, жайлоодон соолгон булактай күтүүсүздөн каза болду. Кечээ эле “Азаттык”  радиосу аркылуу уктурулган же көрсөтүлгөн  ар бир материалы коомчулукту ойго салып, ал эми айрым атка минерлердин түн уйкусун алып турчу, келечеги кең мыкты журналисттен айрылып калдык. Ал болгону 28 гана жашта эле.

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Көк-Жар айылында туулган. 2013-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетинин Коммуникация факультетин аяктаган. 2015-жылы Бишкек Гуманитардык университетинин Саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Интернет-Оскар сыйлыгын алган. 2018-жылы публицист жана жазуучу Кален Сыдыкованын “Алтын калем” сыйлыгына татыктуу болгон.

«Кыргыз Туусу» мгезитинин эмгек жааматы Уланбек Эгизбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.