Троя музейинин ачылышына саналуу күндөр калды

Түркияда чыгыш менен батыштын башын Чанаккале аймагында бириктирген, 5 миң жылдык тарыхка эгедер экспонаттар коюлган Троя музейи жакында ачылганы турат.

Түркия  Республикасынын  Мада-ният жана туризм министрлиги, байыркы Троя шаарынын Юнесконун маданий мурастар тизмесине киришинин 20 жылдыгына карата 2018-жылды “Троя жылы” деп жарыялады. Аталган жарлыктын негизинде министрлик тарабынын үстүбүздөгү жылдын 5 ай аралыгында өлкө аймагында жана чет жактарда улуттук жана эл аралык кызматташуулар түзүлүп, маданият, искусство, илим жана спорттук иш-чаралар өткөрүлдү. Мунун натыйжасында Чанаккале шаары дүйнө жүзүн бир аймакка бириктирген борборго айланды.

5 миң жылдык уламыш жана мифтердин уясы боло турган Троя музейи, батыш менен чыгыш маданиятын Чанаккаледе бириктирип, мамлекеттик жана дүйнөлүк мурас катары зор мааниге эгедер Троя маданиятын дүйнө жүзүнө таанытууну көздөөдө. Бул алкакта Троя тууралуу баардык маалыматтарды камтыган бул музейдеги экспонаттар эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдурары шексиз.

Троя музейи, Троя урандыларына жакын жерде, 37.250 чарчы метр ачык асман алдындагы аянттан жана 12.765 чарчы метр имараттан турат. Имараттын бийиктиги байыркы Троя шаарынын археоло-гиялык казуулардан мурунку бийиктиги менен бирдей деңгээлде тургузулду.

Улуттук архитектуралык дизайнердик сынакта, эл аралык даражадагы кадырбаркка ээ калыстар тобу тарабынан 150дөн ашык  долбоор  арасынан  дүйнөнүн  эң маанилүү заманбап археологиялык музей катары тандалып алынган Троя музейинин ачылышы 2018-жылдын июль айында өзгөчө алкакта ишке ашуусу күтүлүүдө. Аталган музейдин ачылышына улуттук жана эл аралык ММК өкүлдөрү, маданият, искусство жана туризм тармагынын төбөсү көрүнгөн инсандары, спорт тармагынын аттуу-баштуу чыгаандары чакырылат.

Бир нече жылдык тарыхты бир жерге топтогон – Троя музейи

Троя музейиндеги экспонаттар залы жалпы жонунан 3.000 чарчы метр аянтты ээлейт. Ал жакта Троя жана Троас шаар калдыктарынан табылган 2 миңге жакын экспонаттар коюлган. Муну менен катар, скульптура, саркофаг, жазуу-лар, темир идиштер, алтындар, монеталардан баштап, байыркы адамзат тарыхынын күбөсү болгон көптөгөн маанилүү бөлүктөр музейде орун алган. Айрыкча, Троя урандыларынан уурдалып алынып, АКШга өткөрүлгөн, кийинчерээк Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин кийлигишүүсү менен 2012-жылы кайрадан өз ордуна алынып келинген 24 алтын буюм музейдеги экспонаттардын катарын толуктоодо.

Троя музейин көргөнү келген мей-мандар кире бериштен баштап 4 кабат имараттын ар бир кабатында “Троас аймагынан археологиясы”, “Троянын Тунч доору”, “Иллиада эпосу жана Троя согушу”, “Байыркы мезгилдеги Троас жана Иллион”, “Чыгыш Рим жана Осмон доору”, “Археология тарыхы”, “Троянын издери” деп аталган жети категориянын негизиндеги археология дүйнөсүнө сүңгүп киргизген экспонаттар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Ар бири өзүнчө бир казына болгон экспонаттарды диорама, анимация, интерактив тасмалар жана симуляция коштоп, келген меймандарга зор таасир калтырмакчы.

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине караштуу Маданият жана туризм министрлигинин кеңешчиси Нури Шимшеклер, Троянын Юнесконун маданий мурастар тизмесине киришинин 20 жылдыгына карата 2018-жылы “Троя жылы” деп кабыл алынганын баса белгилеп, “2018-жылы Түркияга 50 миллион турист келерин күтүп жатабыз. Муну менен катар, Трояга, жаңы ачылган Троя музейине жана Байыркы Троя шаары жайгашкан Чанаккале шаарына жок эле дегенде 5 миң турист келээри күтүлүүдө”, – деди.

Маалымат үчүн:

Гомердин “Иллиада жана Одиссеа” эпосунда сүрөттөлгөн Троя Түркиянын Чанаккале жергесинде орун алган. Аталган аймак 1871-жылы археологиялык казуулардын натыйжасында 9 катмар тереңдиктен ачыкка чыгарылды. Троя 3 миң жылдан ашык убакыттан бери сакталып келген байыркы тарыхтын айкын күбөөсү жана Анадолу, Эге жана Балкан аймагындагы улуттардын башын кошкон байыркы шаар катары дүйнөлүк аренадагы мааниге ээ. Ал 1991-жылы Юнесконун маданий мурастар тизмесине киргизилген.

Чанаккаледе табылган Троя урандыларынын Юнесконун дүйнөлүк мурастар тизмесине киришине 20 жыл толгондугуна байланыштуу 2018-жылын Маданият жана туризм министрлиги “Троя жылы” деп жарыялады. Аталган жарлыктын негизинде өлкө аймагында жана чет өлкөлөрдө театр, көргөзмө, спорт оюндары, фестивал өңдүү маданий, спорттук жана таанытуу иш-чаралары ишке ашырылууда.

Белгилеп кете турган болсок, бир айга жакын убакыт аралыгында ачылышы боло турган Троя музейинде 5 миңге жакын экспонант коюлган.

Тиленбек АЗЫК