КР экономика министринин орун басары болуп Эльдар Алишеров дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Алишеров Эльдар Туралиевич Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.