Жаңы өнөрканада жумушчу орундар түзүлдү

Нарынкл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Жакында Кемин районунун Кызыл-Суу айылында атамекендик узчулук өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлү Гүлмира Акматованын жүндөн жип ийрүү өнөрканасынын ачылышы болду. Ал 25 жылдан бери накта жүндөн айымдардын жана мырзалардын кийимдерин жасап келүүдө. Көптөгөн чет мамлекеттерде өткөн көргөзмөлөрдө Кыргызстанды “Gulmira” бренди менен таанытып келе жаткан чебер уз, эми элеттик 25 аялга каражат таап алууга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Кабарчыбыз Акматованын өнөрканасынын ачылышына катышып, каарманыбыздан маек алып кайтты.

– Гүлмира Таштанбековна, кол өнөрчүлүк өнөрканаңызды Кемин жергесинде кеңейтип ачып жатканыңызда кандай себеп бар?

– 1993-жылы Тоң районундагы Көк-Сай, Ак-Сай айылдарынын аялдарына койдун уяң жүнүн кол өнөрчүлүккө иштетүүнү сунуштагам. Ал жылдары аялдар балдарына совет мезгилинен берки алган жөлөк пулу оокат-ашка жарап жаткандыктан кол өнөрчүлүк менен иштөөгө кызыгышкан эмес. Бүгүнкү күндө жагдай башка. Сунуш кылган жумуштан эч ким баш тартпайт. Өмүрлүк жарым Нурбек Кызыл-Суу айы-лынын кулуну. Бир аз жыл мурда жүндөн жип ийриген мындагы чакан цехим бүгүн кызылсуулук 25 аял үчүн жаңы курулган өнөрканага айланды.

Алгачкы  жылдары  Бишкектеги үйүмдүн төрт чарчы метр бөлмөсүндө бир станок менен кол өнөрчүлүктү баштаган болчумун. Ала кийиз, шырдак жасап, андан кийин свитер, шарф токуп көргөзмөлөргө барып  жүрдүм.  1994-1995-жылдардагы көргөзмөлөрдө кардарлар айткан кемчиликтерди оңдоп, сапатка катуу көңүл бөлүп калдым. 1997-жылы алгачкы жолу медалга ээ болдум. Көргөзмөгө катышкан кыргыз эжелер менден: «Бул буюмдарды кайсы мамлекеттен алып келдиңер?», — деп сурашчу. Мен Бишкектен эле жасалганын айтка-нымда алар ишенбей: «Кантип эле ушундай сапаттуу товар Кыргызстанда чыгарылып калсын. Алдап саткандан уялбайсыңбы», — дешчү. Алып-сатарлык күчөп тургандыктан, мен андай пикирлерге терикчү эмесмин. Акыры жүрүп, улуттук кол өнөрчүлүктүн эки багытын тандап алдым. Биринчиси — кийизден баш кийимдерди жасоо, экинчиси – жүндү ийрип, токуп, бышырып алып, андан кийим тигүү. Ушул жерден бир маанилүү жагдайды белгилеп кетейин.

Кийизден жасалган баш кийимдерге кыргыздын абалкы оюуларын түшүрүп, улуттук оюулардын түрлөрүн жайылтуу максатын көздөп келем. Кылымдарды карытып, бизге жеткен оюуларыбызды өзүбүз таа-нып ажырата биле албасак, аларды башка элдер менчиктеп кетпесине эч ким кепилдик бере албайт. Кыргыздын оюуларынын түрлөрү көп экенине карабай, калпактар-га бир эле оюу түшүрүлүп тигиле бергени мени бушайманга түшүрчү. Кийин кыргыз оюуларын издеп, чогултуп, кол өнөрчүлүк ишмердүүлүгүмдүн 20 жылдыгына карата чакан китепчеге жыйнак кылып чыгардым.

– Сиз кыргыздардын токуу өнөрүнүн сейрек кездешүүчү түрүн өздөштүргөнүңүздү уктум эле?

– Кыргыздын токуу өнөрүнүн ичинен өрмөк өрүү гана бизге чейин жетти. Азыркы күндө кийим токуу дегенди эки шиш менен жиптен жемпер, байпак токуу деп гана түшүнөбүз. Өрмөктү боз үй жасагандардан башкалары дээрлик билбейт. Абалкы кыргыздарда токуу ишканасы болбогон соң, кийимди эмнеден токуп кийишчү? Өрмөктөн башка дагы кандай токуу искусствосу бар эле? деген маселе мени көптөн бери ойлонтуп, кыжалат кылып жүргөн. Күндөрдүн биринде Лейлек районунун Голбо айылында жашаган Анаркүл апа тууралуу угуп, сураштырып жүрүп таап бардым.

Анаркүл байбиче чапан жасоодо кыргыз койдун жүнүн жуубай туруп, ийикке бир кат ийрип, ачык-ачык кылып токуп алып, аны өзгөчө машакат менен бышырат экен.

Кымындай жел тийбеген жабык бөлмөгө жылкынын жаңы саалган сүтүнүн жылуулугундай температурадагы суудан баштап, кол чыдагыс ысыктыкка чейинки сууну жети жолу алмаштырып себишет. Аны алдуу эркектерге тепкилетип, андан кийин аялдар билектеп басып чыгышат. Ачык токулган кездемени кийизден тыкыс кылып бышырышты. Ошондон жасалган чепкенди кийген жылкычыларга нөшөрлөгөн жаандын бир тамчы суусу өтпөйт. Анаркүл апа мага:

«Гүлмира, менин жашым бир топко барып калды. Ушул өнөрүмдү үйрөнүп кал. Менин көзүм өтүп кетсе улуттун баалуу өнөрү би-ротоло үзүлүп, бүтүндөй баарыңар өкүттө калбагыла», – деп эскертти. Мен Голбо айы лындагы апанын жанында бир аптадай болуп, бардык процессти көрүп, үйрөнүп кайткам. Анын өз колунан жасалган сейрек кездешчү чепкенинен бирөө гана бар. Мен аны кези келгенде Мамлекеттик тарых музейине өткөрүп берүүнү ойлоп жүрөм. Менин балалыгым атам Таштанбек Акматовдун чабандык жылдарына туш келди. Союз учурунда алыскы тоодогу ча-бандарга ун жетирилчү. Биз арканга ташты байлап, атты агызчудай күркүрөгөн чоң суунун аркы өйүзүнө ыргытчубуз. Аркы өйүздөгүлөр арканга ун салынган капты байлап беришчү. Биз аркырап аккан суудан ун салынган капты тартып алчубуз. Секелек кезимде ошол каптагы унга кантип суу өтүп кетпегенине таң калчумун. Мына ошол суу өткөрбөгөн жогорудагыдай элдик сейрек токуу технологиясы колдонуудан биротоло калып бара жаткан. Мен мындай технология менен азыркы рыноктун талабына ылайык кийим-буюмдарды чыгарышым керек. Эгерде чапан тиксек ал сатыкка өтпөйт. Ушуга байланыштуу андан жүндү ийрип, токуп, бышырып, кездемеге айландырып алып, кийимдерди жасай баштадык.

– Кызыл-Суудагы өнөрканада иштеп жаткан аялдардын эмгек акысы, пландарыңыз тууралуу кеп козгосоңуз.

– Бул жерде 1 кг. жүндү ичке ийирсе 700 сом, жоон ийирсе 600 сом берилет. Иштин аткарылган көлөмүнө жараша маяна алышат. Иштин жүрүшүн айылдагы Асел деген келин көзөмөлгө алып турат. «Аялдардын чакан жана орто ишкердиги» аттуу долбоорго катышып, утуп андан жип ийирүүчү машинкалардан жыйырма чактыны бул жердеги өнөрканама алып келгем. Машинкалар үйгө көтөрүп барып иштөөгө жеңил жана ыңгайлуу. Аялдар үй тиричилигин жасап жүрүп, колу бошогондо отуруп алып ийирий берсе да болот. Мындан ары өнөрканамды дагы кеңейтип, үйрөнөм дегендерге мастер класс ачып, чогултуп окутууну пландап жатам. Андан тышкуары. Бишкектеги өнөрканамда он кыз-келин эмгектенет.

Алардын экөөсү Мария менен Мээрим — жаш дизайнер кыздар. Шакирттерим ийиргенди, токуганды, тиккенди, сайма сайганды, өрмөк өргөндү дагы үйрөнүп жатышат. Андан тышкары, Тажикстанда дагы шакирттерим бар. Ар бир көйнөккө чебер уз көркөм фантазиясын салып, алакандын отун арнап тигет.

Кол өнөрчүлүк ишмердүүлүгүм менен нечен чет мамлекетердин көргөзмөлөрүнө катышып келем. Америкадагы дүйнө элдеринин кол өнөрчүлөрүнүн башын кошкон жыл сайын өтүүчү этно фестивалга эки жолу чакыртылдык. Нью Мексикадагы Санта Фе шаарындагы фестивалда кыргыздын жүндөн жасалган буюмдарына эң бийик баа берилип, таң калуу менен кабыл алып жатышат. Биз ар дайыма ушундай фестивалдардан жасаган аракетибиз текке кетип жатпаганына ишеним артып кайтабыз.