Адабият достугу – эл достугу: Кытай жазуучусунун кызыктуу дүйнөсү

«Адабият достугу – эл достугу» деген сөз бар эле кезегинде. Анда  башка элдин адабияты, маданияты менен таанышуу жакшылык үрөнүн сээп, башка элдин жашоосун, кулк-мүнөзүн, алардын кылымдар бою сактап келген рухий дөөлөттөрүн тереңирээк билүүгө шарт түзчү.

Мына ошондой алакалардын учугу үзүлбөй жакында Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынан чакан проза жаатындагы же бизче айтканда кыска аңгеме жазуунун чебери, атагы таш жарган Лао Манын келиши күтүлүүдө. Кыргызстандагы “Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясы Лао Манын “Апенди чалыштар” китебин кыргызчага которуп, басмадан чыгарган. Окурмандар бул китепти “Шанс” кыргыз-кытай китеп дүкөнүнөн таба алышат.

Автор жөнүндө маалымат бере кетсек Лао Ма азыркы кытай адабиятындагы эң көрүнүктүү жазуучулардын бири. Чыныгы аты Ма Жүн Жие. Учурда Кытай Элдик университетинде окутуучу, Кытай жазуучулар союзунун повесттер бөлүмүнүн мүчөсү болуп эмгектенет. Ал адабият чөйрөсүнө өткөн кылымдын 90-жылдарында келип, алгач кыска аңгеме, андан кийин повесттерди жаза баштаган. Бул жылдар аралыгында жүздөн ашуун, аңгеме, повесттери көптөгөн басылмаларда жарык көргөн.

Кыска аңгемелери эл арасында абдан жылуу кабыл алынып, “21-кылымдын эң мыкты аңгемеси”, “Кытайдын эң мыкты повести”, “Кытайдын эң мыкты аңгемеси” сыяктуу сыйлыктарга татып, жазган аңгемелери Кытайдын “Эң мыкты жүз аңгемеси” жыйнагына кирген. Мындан тышкары, Пу Сунлин атындагы адабият сыйлыгы, Бээжин студенттеринин төртүнчү пьеса жарышынын сыйлыгы, “Онунчу октябрь” адабият сыйлыгы жана 2014-жылы Монголиянын эң жогорку адабият сыйлыгын алган.

Анын негизги чыгармалары катары “Бахтиндин күлкүсү”, “Бир адамдын маеги”, “Бир канча маани”, “Күтө тур”, “Мыскылдоо” китептерин айтсак болот.  Чыгармаларынын көпчүлүгү жапан, немис, испан, корей жана монгол, кыргыз тилдерине которулган.

Лао Манын чыгармаларындагы образдарды негизинен билим берүү жайларындагы илимпоздор, мамлекеттик расмий кызматкерлер жана айыл тургундары түзөт. Кытай адабиятындагы белгилүү адабият сынчысы Лей Данын пикиринде, Лао Ма комедиялык жанрда жазган сейрек кездешкен талант. Ал күнүмдүк турмуштагы урунттуу окуяларды кыраакылык менен баамдайт жана жатык тил менен күлкү аралаштыра жерине жеткизе жазат. Лао Ма негизинен повесттер жана кыска аңгемелерди жазуу менен атагы чыкты. Кафка адабият сыйлыгынын ээси, белгилүү жазуучу Ян Лиенкы да Лао Манын эң башкы өзгөчөлүгү катары чыгармаларын юмордук стилде жазгандыгында деп белгилеген. Адабиятында, деги эле калктын күндөлүк турмушунда кытай эли аз күлгөн, аз шакаба кылган эл. Ошондуктан Лао Манын эмгектери жалпы Кытай эли үчүн аба менен суудай керек деп белгилейт.

Тез жардам (новелла) 

Лао Ма

Уулум ортоңку класста окуйт, анын бою меникинен узун. Наристе чагынан эркелетип, айтканын эки кылган жокпуз. Ал өзүмчүл, эрке жана мажирөө бала болуп бой тартты. Албетте, ал бул жагынан жалгыз эмес. Көп эле ата-эне балдарын ушинтип чоңойтот. Бул бүтүндөй муундун көйгөйү.

Өткөн айда атайлап уулума көңүл буруп, аттракциондор паркына алып бардым. Эс алуу жагынан уулум чоң адис. Бир күндүн ичинде бардык оюндарды ойноп чыкты. Түштөнүү маалында койдун этинен жасалган шашлык жейли деген сунушумдан так тесе баш тартып, өзү менен кошо мени да “Макдональдска” барууга аргасыз кылды. Ал жактан тамактанып чыкканыбыздан кийин, мен жерге бүктөлүп отуруп калдым. Уулум мага таңкала карап, өйдө туруумду буйруду. Анын талабына мындайча жооп бердим:

— Уулум, мен өзүмдү жаман сезип жатам, тезирээк жакын арадагы дарыканадан ооруну басуучу дары алып кел!

— Сен мени тажаттың, бир аз чыдасаң үйгө жетип калабыз! – ал нааразыланып сүйлөдү.

— Ооруга чыдабайм го деп коркуп жатам. Тезирээк дары сатып келе кал! — деп уулумду шаштырдым.

— Дарыкананы кайдан тапмак элем?! Таба албаймын! Такси кармайбыз да үйгө барабыз. Апам барып дары сатып келет.

— Уулум, атаңды укчу, оорум чыдатпай, эсимден танып баратам! Сен мобул жолдон өтүп, андан кийин оңго бурул. 15 метр бассаң, дарыкана бар!

— Ушинтип жүк болооруңду билгемин! Сени менен чыгуунун кереги жок болчу! Эмнеге дайым жолум болбойт!

— Уулум, чуркасаңчы!

— Акчасыз кайда чуркамак элем? Келе, акча бер!

— Сенде акча бар эмес беле?

— Бул менин өзүмдүн акчам. Сенин дарың үчүн мен төлөгүм келбейт!

— Макул, анда чөнтөгүмдөн акча алып чык дагы, дары алып келе кал!

Уулум көңүлсүздөнбөй жолдон өтүп, дарыкана издей баштады.

Мен бүктөлгөн боюнча отура бердим. Менин абалым жолдон өткөндөрдүн көңүлүн бура баштады. Ким бирөөсү “Тез жардам” чакырууга үлгүрдү. Машине уулумдан батыраак жетип келди. Ордумдан тез туруп абалды дарыгерлерге түшүндүрө баштадым: “Тынчыңарды алганым үчүн чын дилимден кечирим сураймын! Абалым жакшы. Мен болгону уулумду текшерип көрүп, мындай күтүүсүз кырдаалда эмне кылуу керек экенин үйрөткүм келген”. Ооруканада “тарыхымды” баштан аяк айтып берүүгө туура келди. Дарыгер мени түшүнүү менен кабыл алып, кийинки жолу мындай акылсыз жорук жасабашымды суранды. Андан тышкары, ал өзүнүн оорулуусунун баштан өткөн окуясын айтып берди. Бул оорулуу да уулун сынап көрүүнү чечип, кудукка секирип кетиптир. Уулу болсо атасын сактап калуудан баш тартмак түгүл, колуна таяк алып, аны чөктүрө баштаптыр. Бактыга жараша, чөгүп бараткан адамды ким бирөө байкап калып, убагында тез жардамга чалыптыр.

Бул баянды уккан соң, экинчи мындай “сыноо” өткөргүм келбей калды.

Макаланы даярдаган жана которгон Назгүл Осмонова