Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-август күнү өтөт

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-август күнү өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Эскерте кетсек, 13-июлда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары мурдагы мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. Натыйжада аны иштен бошотуу тууралуу буйрукка 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Учурда мэрдин милдетин вице-мэр Бакытбек Дүйшембиев аткарууда.

Ал эми А.Ибраимовго 21-июлда УКМК Башкы тергөө башкармалыгы жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык жер участокторун пайдаланууда коррупция фактысы боюнча иликтеп жаткан кылмыш иштердин алкагында, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмүндө (коррупция) каралган кылмыш белгилеринин негизинде  айыбы угузулган.

Ага чейин атайын буюмдарды жогорулатылган баа менен сатып алуу жолу аркылуу «ТНК Дастан» ААКтын мүлкүн менчиктештирүү жана таратуу фактысы боюнча кылмыш иши каралып жаткан.

А.Ибраимов 19-июлда кармалып, сот 29-августка чейин камакта калтырган.