Актан РЫСКЕЛДИЕВ, шоумен: “Бою кыска, сары, позитивдүү жигитмин”

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Актан өзүн үч сөз менен ушундай сүрөттөп берди. “Мурда өткөнгө өкүнө берчүмүн. Байкасам, кайгырган менен пайда жок экен. Ошондуктан, алдыга карай позитивдүү гана ойлор, кыялдар менен кадам таштоону үйрөнүп алдым”,-дейт өз сөзүндө. А.Рыскелдиев жаштар арасында тамашоучу катары таанымал. Андан сырткары, “Эл эмне дейт” жана “Ак терек, көк терек” теле берүүлөрүн көркүнө чыгарган инсан экенин билебиз. Аз убакыттан бери концерттерди, тойлорду алып барып калууда. Андыктан, чыгармачыл дүйнөдө өз ордун, өз күйөрмандарын табууга талпынып жүргөн Актан тууралуу маегибизди жарыялоону туура көрдүк.

– Актан, өткөн дем алыш энелердин күнү болбодубу. Сөздү сенин апаңан баштасак…

Үмүтай АБДЫШОВА: “Комузум экөөбүз дүйнө кыдырып саякаттасак деген кыялым бар”

– Апам дегенде мен дароо эле анын нан бышырып жатканын элестетем. Анткени, апамдын наны башкача даамдуу. Дегеле, бардык тамакты таптап жасаган киши. Өзүнө тыкан, таза жүрөт. Апам аябай эрктүү, күчтүү инсан. Кандай гана кыйынчылык болбосун кабаккашым дебейт. Дайыма жылмайып жүргөн касиети бар. Биз үй-бүлөдө үч бир тууганбыз. Үчөөбүздү тең турмуштун суугуна тоңуп, ысыгына күйүп чоңойтту. Бизди да барга көппөгөнгө, жокко чөкпөгөнгө үйрөттү. Учурдан пайдаланып апамды майрамы менен дагы бир жолу куттуктап кетейин.

– Басма сөз беттеринен бала кезиңде тачка түртүп, бут кийим тазалаган күндөрүң тууралуу окуган элем…

– Ооба. Биз байкем экөөбүз Ош базарында кылып көрбөгөн жумуш калган эмес. Эмне иш болсо иштегенге даяр болчубуз. Тачка түрттүк, бирөөлөрдүн бут кийимин сүрттүк, коробка чогултуп өткөрдүк, пирожки саттык. Айтор, бардыгын кылып көрдүк.

– Ошол кезде тачка түртүп жүргөн баланын белгилүү шоумен болоруна ишендиң беле?

–Жок. Биз ал кезде бир күн менен жашачубуз. Эртең эмне болорун билчү эмеспиз. Эптеп нан таап, курсак тойсо болду болчу. Шоу бизнеске келип калам деген түшүмө да кирген эмес.

– Анда азыркы күнгө кандай жол менен келдиң?

– Биз ошондой күндөрдү башыбыздан өткөрүп жүрүп мектепти аяктадык. Кокусунан эле Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна өтүп кеттик. Себеби, ал жакта бизден акча сурашкан эмес. Башка окуу жайларга өтүш үчүн акча бериш керек болуп, тапшырган эмеспиз. Алгач, сынактан мен өттүм. Менден кийин байкем (Дастан Жапар уулу) келди. Ошентип, институтта да бирге окудук. Азыр менден дагы байкем кыйын болуп кетти (күлүп) “Атанын керээзи” деген киносу менен.

– Сени мектепке 5 жашында барган деген ыраспы?

– Ооба. Дастан байкем экөөбүз бала бакчага чогуу барып жүрүп эле, бир күнү эле ал мектепке барып калды. Мага бул жаккан жок. Бир чети кызык да болду. Келери менен китеп-дептерлерин ачып текшерип, ага атаандашып окуганды мен да үйдөн үйрөнө баштадым. Атамды кыйнап жатып, өжөрлөнүп 5 жашымда февраль айынан баштап байкем менен бир класста окуп баштагам.

– Атаандаштык – сенин ийгиликке жеткирүүчү куралың окшойт. Тамашо уга да атаандашып жүрүп келип калгам дегениң бар эле?

– Кээде ар кимге атаандашып жүрүп эле өтүп кетет окшойм деген ойлор келет. Бирок, мен өзүм теңдүүлөрдөн эмнем кем дебейм. Мен булардан да мыкты экенимди далилдейм деп жүрүп азыркы абалыма жетиштим. Буюрса, дагы алдыда жасай турчу иштер көп. Эң башкысы мен атаандашчу адамдар болсун.

– Майрамдарга маани бербейт экенсиң, жашооңдо мааниси бар даталар барбы?

– Алар саналуу гана. Атаэнемдин, баламдын туулган күндөрү. Анан 20-сентябрь дайыма эсимде. Бул күнү атам менен апамдын жана Феруза экөөбүз баш кошкон күн.

Данияр МОЛДОКАДЫРОВ: “Тырышып окуган жаштар гана ийгиликтерди багындыра алат”

– Үй-бүлөң жөнүндө айта кетсең?

– Келинчегим өзбек кызы. Бирок, Чолпон-Атада төрөлүп өскөн. Кыргызча сүйлөгөн, кыргызча ойлонгон кыз. Окууну Россиянын Кемерово шаарынан бүтүп келген. Учурда бир балабыз бар, 2ге чыгып калды. Аты Жантай. Азыртан эле өз алдынча болгонго үйрөтүп, жыгылса өзү турганга тарбиялап жатабыз.

– Дагы деле берешенсиңби?

– Берешендигим кичине токтогон. Карап турсам, эч ким мендей эмес экен. Кичине ойлонуп коротуп калдым. Болбосо колумда акча турчу эмес. Кандай тапсам, ошондой чачканга даяр болчумун. Бул бала кезимде каалаган нерсеме жете албагандыгыманбы, айтор билбейм… Кээде досторум: “Башка бирөө болгондо эбак бутуна туруп, там алып алмак. Сен болсо канча акча табасың, дагы деле батирлеп жүрөсүң”, – деп калышат.

– 30-40 жылдан кийин өзүңдү кандай элестетесиң?

– Жаагы тыйылбаган, тамашакөй, сары абышка болом го. Көп нерсени кыйратып койгонсуп, жаштарга сабак берип жүргөн киши болсом керек. Албетте, бул тамаша. Кудайым өмүр берсе буйруган нерсени көрөрбүз.

– Кандай максаттарың бар?

– Максаттар көп. Эң негизгиси – Жараткандын ыраазычылыгын алуу. Ата-энени урматтоо. Мекенди сүйүү, үй-бүлөнү багуу, коомго пайда келтирүү. Ошондой эле, жаман ишке барбоо, жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу.

 

One thought on “Актан РЫСКЕЛДИЕВ, шоумен: “Бою кыска, сары, позитивдүү жигитмин”

Комментарии закрыты.