24-июлга карата аба ырайы

24-июлда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кыска убакытка жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.  Күндүз Чүй, Нарын облустарында жана Ысык-Көл акваториясында шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +16…+21, күндүз +25…+30;

Таласта түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30;

Баткенде түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26;

Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30.

Бишкекте кыска убакытка жаан жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метерге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +28…+30 градусту түзөт.