Осмонбек Артыкбаев ооруканадан УКМКнын абагына которулду

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев бир жумадан бери ооруканада жаткан. Жактоочусу Айжан Орозакунова Артыкбаевге операция жасоо үчүн даярдыктар көрүлүп жатканын билдирген. 20-июлда Орозакунова Артыкбаевге дале операция жасала электигин айткан.

Эске салсак, Осмонбек Артыкбаевге 5-июнда «Бишкек ЖЭБди модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюн-ча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Биринчи Май райондук соту Артык баев тергөө  иштери  аяктаганга  чейин  Улуттук кооп суздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында болот деген чечим чыгарган. Артыкбаевдин жактоочусу анын ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн Бишкек шаардык сотуна арыз берген. Шаардык сот Артыкбаевдин баш коргоо чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.