Айтматовдун атынан дагы бир көчө аталды

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Россиянын Екатеринбург шаарындагы көчөлөрдүн бирине анын ысымы ыйгарылып, «Кош бол, Гүлсары» чыгармасынын башкы каарманы Танабайдын айкели тургузулат. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазып чыкты.

Учурда айкел жасалып жатат. Анын ачылышы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну учурунда болот.