Көчмөндөр оюнуна билеттер мобилдик тиркеме аркылуу сатылууда 

Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын «Медиа жана PR» тобунун мүчөсү Жаманак Мүсүрканов 20-июлдан тартып аталган оюндар боюнча мобилдик тиркеме ишке киргенин айтты. Эми Көчмөндөр дүйнөлүк III оюндарына билеттерди мобилдик тиркеме аркылуу сатып алса болот.

Анын айтымында, учурда 850 билет сатылган. «Бул мобилдик тиркеме өзгөчө, чет элдиктер үчүн абдан ыңгайлуу. Алар атайын билет сатып алуу үчүн Бишкекке келбей эле, тиркемеден каалаган орундуктан жай алат. Билет сатып алганда алар үчүн атайын код берилип, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатына кирүүдө текшерилет», — деди Мүсүрканов.

Билеттер Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында сатылууда.