“Улуттук Кызыл Ай коому жөнүндө» мыйзам долбоору жактырылды

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде бүгүн, 23-майда «Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коому жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Улуттук кызыл ай коому 1992-жылы түзүлсө дагы ушул күнгө чейин анын так укуктук макамы аныкталган эмес. Бул багытта өзүнчө мыйзамдын жоктугу Улуттук кызыл ай коомунун иши үчүн бир кыйла кыйынчылыктарды жаратып, дүйнөлүк практикага туура келбей жатат.

Талкууда аталган уюмдун мамлекеттик бюджеттен каражат албастыгын, эл аралык уюмдардын каражаттарына иш-чараларды уюштуруп келе жаткандыгы маалымдалды. Аларга волонтерлер көмөк көрсөтүшүүдө.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү сунушталган мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечимин кабыл алышты.