Жогорку Cот Сапар Исаковду камакта калтырды

Жогорку Cоттун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулары боюнча соттук коллегиясы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 5-августка чейин камакта калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, чечим  24-июлда кабыл алынып, иш жабык режимде каралган.

Соттук коллегия Биринчи май райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун соттук актыларын өзгөртүп, камакта 5-августка чейин кармоо чечимин кабыл алды.

Эске салсак, С.Исаков Бишкектеги Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо алкагындагы коррупциябоюнча айыпталып, Биринчи май райондук соту аны тергөө аяктаганга чейин камакта калтырган болчу.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган. Адвокаты Нурбек Токтакунов анын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп Жогорку сотко арыз жазган.