Мергенчиликтеги коррупция. Миллиондордун изи кайда барып такалат?

Күмөндөр УСУПТЕГИН, «Кыргыз Туусу»


Ала Тоо жергесинин асман тиреген тоолорунда байыртадан бери кайберендер байырлап келет. Алардын арасынан мүйүздөрү өтө баалуу болгон жаныбарларга чет элдиктер үчүн мергенчилик кылууга уруксат берилгендигине чейрек кылым болду. «Өлкөнүн экономикасына бараандуу киреше киргизүүчү кийиктер соңку жылдарда азайып кетти, аларды бир ууч эле топ кырып жатат, ошондуктан белгилүү мөөнөткө мораторий жарыялоо зарыл» деген жүйөөлөр бир катар бийлик өкүлдөрү тарабынан маал-маалы менен көтөрүлүп келет. Мындай көз караштарга аңчылык менен иш жүргүзгөн айрым коомдор караманча каршы.

Сол чөнтөккө солонгон оңой олжо

КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (КТЧ-КТЧ) Нарын облусундагы бөлүмүнөн алынган маалымат боюнча  облустун  аймагында тоо жаныбарларына,  асыресе  кулжа менен тоо текеге чет элдиктер үчүн мергенчилик  уюштурган  23 жоопкерчилиги  чектелген коом бар экен. Алар Ак-Сай, Арпа сыяктуу аска-зоолуу аймактардан миңдеген гектар аңчылык аянттарды ээлеп алышкан.

Эгемендикти  алган  алгачкы жылдардан тарта эле көк мелжиген тоолорубузду байырлаган кайберендердин мүйүзүнө кызыккан чет элдик мергенчилерди алып келип  аларды  аттыруу  кызуу колго алынган. Кулжа жана тоо текелер уруксат берилген сандан алда канча арбын атылып, алардын мүйүздөрү көмүскө жолдор аркылуу сыртка сатылып турган. Акыры кайберендердин каргышы тик учактарды кырсыктарга кабылтып, бир нече адам курман болгон окуялар эсибизде.

Көмүскө экономика, гүлдөгөн коррупция

Бийлик кайберендерди атууну бир аз мыйзамдаштырып, түшкөн каражаттарды жергиликтүү бийлик менен бөлүшүүгө, аларды ыксыз эле кыра берүүгө бөгөт койгондой болгондугу менен тартип толук кандуу орнотула элек.

Биринчи мисал. КТЧКТЧ агенттигинин экология бөлүмүн жетектеген Өмүрбек Мусаканов Бишкек шаарынын тургунунан 15 400 доллар пара талап кылган деп шектелүүдө, – деп 2014-жылдын октябрь айында  маалыматтар  тараган.  Анда ИИМдин басма сөз өкүлү Эрнис Осмонбаев: – Анын үйүн тинтүү учурунда берилген парадан тышкары 39 миң доллар, 10 миң евро жана башка валюталар табылды. Мындан сырткары мыйзамсыз сакталган отуз чакты ок дары жана бир Калашников автоматы алынды. Бир канча мөөрү басылып, алдын ала даярдалган уруксат кагаздары да текшерилип жатат, – деп билдирген. Ошол эле учурда агенттик кызматкерине кылмыш иши козголуп, камакка алынган, бирок ден соолугунун начардыгына байланыштуу деп, сот аны үй камагына чыгарган. Ал эми үч жыл илгери же болбосо 2015-жылдын декабрь айында Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаевдин атып алган тоо эчкиси менен түшкөн сүрөтү интернетке чыгып, аны менен сүрөткө кошо түшкөн эки жарандын бири жаратылышты коргоо кызматкери болсо, экинчи-си салык кызматкери экени жарыя болгон эле. Өзгөчө кайтаруудагы мамлекеттик коруктарга чет элдик мергенчилерди киргизген тасма 2016-жылы тараган. «Канадалык Шванки аттуу мергенчинин Ысык-Көлдөгү Сары-Чат Ээр-Таш мамлекеттик коругундагы аркар-кулжага жана тоо текеге жасаган аңчылыгы интернеттеги You Tube каналында пайда болду», – деп жазат «Азаттык» радиосунун кызматкери Кубаныч Жолдошев. Маалыматта корук аймагынан бир нече жолу ок атылып, негизинен үч кайберен атылгандыгы белгиленет. Ошондо чет элден келген канадалык мергенчи Шванки (Schwanky) өзүнүн бул “эрдигин”: – Мына бул Кыргызстандын Марко-Полосу. Аны мен 600 метрден ашуун аралыкта турган жерден атып түшүрдүм. Мына, айтылгандай эле, кыялдар орундалат. Мынакей, Марко Поло… Мен ушул үчүн дүйнөнүн жарымын басып өтүп жер кезип келдим. Биз Кыргызстан тууралуу буга чейин жакшы эмес маалыматтарды уктук элек. Бирок бул жакка келгенде бизди аябай жакшы тосуп алышты.Мен Кыргызстанда мына ушундай аябай кызыктуу аңчылык уюштуруп бергениңиздер үчүн абдан ыраазымын. Анан дагы бул жактагы кызыктуу аңчылыкка келип, көңүл ачууну эми башкаларга дагы сунуштайм. “Саку” менен кызыктуу аңчылыкка чыгам десеңер, анда бул жакка келгиле, – деп маашырланыптыр. Демек чет элдик аңчылык кылууда дагы деле көмүскө экономика үстөмдүгүн жүргүзүп, коррупция гүлдөп турат десек болот. Айтмакчы жогорудагы жагдайлардын жыйынтыгы кандай чыккандыгы коомчулукка али күнгө чейин белгисиз.

Көк бөрүгө түшкөн кайберендер

КТЧКТЧ мамагенттиги өткөн жылда Нарын дубанынан 15 ЖЧК иш жүргүзүп, алар аркылуу жалпысы 49 кулжа жана 126 тоо теке олжолонгондугун маалымдайт. Учурда уруксат кагаз боюнча бир кулжанын мүйүзү үчүн 450 миң, бир тоо текеге 70 миң сомго нарк коюлган экен. Ошондо Нарын облусунан кулжадан 22 миллион, тоо текеден 8 млн. 820 миң сом же болбосо 30 млн. сомдон ашык акча түшкөн. Бул каражаттардын 25 пайызы жергиликтүү бюджетке, 35 пайызы КТЧКТЧ агенттигине, калган 40 пайызы аңчылык чарбаларга (ЖЧКларга) бөлүштүрүлгөн. Бирок айрым коомдордун жетекчилери бийликтин чет элдик мергенчилик кылгандарына мораторий киргизгенине таптакыр карманча каршы. А түгүл алар мамлекеттик бийликтен чектөөнү алып салууну сунушташууда.

– Өлкө боюнча 70 кулжага жана 350 тоо текеге гана лизенция берилет. Биз ушул сандарды көбөйтүүнү көптөн бери айтып келе жатабыз. Анткени мамлекет бир нече миллиондогон сомдон куру жалак калууда. Мисалы, мен жетекчилик кылган аңчылык чарбасынын аянты 80 миң гектардан ашык жер. Болжолу бул аянтка 200дөн ашуун кулжа жана 400гө жакын тоо теке келип кетип турушат. Мамлекет болсо 100 башка бир баш уруксат кагаз (лицензия) берет. Ушул санды чектебеш керек. Ансыз деле чет элдик мергенчилер мүйүздүн бир метрден ашыгын гана атышат. Демек жашап калган кийиктердин мүйүздөрү бир метрден ашат. Мамлекет тескерисинче чет элдик эмес, ички мергенчилик кылууга мораторий киргизүүсү зарыл. Ал эми бир башка лизенция алып алышып, беш алтыны кырып жатышат деген суу кечпеген кеп. Эмне экотехинспекция, аңчылык департамент деген мекемелер уктап жатышабы? Алар ар бир мерчемдүү жолдорго пост коюшуп, а түгүл базарларды дагы текшерип турушат. Ошондуктан биз Жогорку Кеңешке кайрылып жатабыз, – дейт «Аргали» ЖЧКнын деректири Жолдошбек Субанов. Мындай жүйөөгө жергиликтүү бийлик негизинен кошулат.

– Менимче мораторий жарыялоо аркылуу эле маселе чечилип кетпейт. Андан көрө мыйзамдуу ишти аткарып башкысы тартипти күчөтүү зарыл. Анткени жашы өткөн тоо жаныбарлар бөөдө эле өлүп калышы мүмкүн. Биз алардын мүйүзүнүн баасын мамлекетке алып калышыбыз керек. Натыйжада бир канча айыл өкмөттөр кошумча кирешелүү болушууда. Экинчиден биз канча жылдан бери лицензия берүүнү жер-жеринде өткөргүлө деп талашып келебиз. Бир курдай комиссиянын жыйынынан чыгып дагы кеткенбиз. Бирок КТЧКТЧ агенттиги  өздөрү  эле өткөрүп  лицензияларын беришүүдө. Демек бардык маселе жогору жактан эле чечилүүдө, – дейт Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов.

Мораторий киргизүү жараянына айыл аймактардын айыл өкмөт башчыларынын пикирлери ар башка болуп чыгууда. Маселен  Нарын  районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Мүсүрканов мүйүздүү тоо жаныбарларына чектөө киргизүү арабөк абалды пайда кылууда деген таризде.

– Бул эми «өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат» деген эле кеп. Чындыгында бир аз каражаттуу болуудабыз. Ал акчага айрым курулуштарды бүтүрдүк. Бирок жаныбарлар азайып кетсе, эртеңки күн кандай болот? Менимче экологдор, атайын адистер кандай дешсе, биз деле ошондой дейбиз да». Ал эми ушул эле райондун Он-Арча айыл өкмөтүнүн жетекчиси Автандил Молдосалиев мораторий киргизүүнү кош колдоп кубаттады.

– Биз жаратылышты сакташыбыз керек. Чындыгында кулжа, текелер жашаган тоолорго барбагандан кийин эч нерсесин билбейбиз. Негизи ал жакта эч көзөмөл жок. Бардык маселе жогору жактан чечилип жатат. Тиешелүүлөр аралашып калышкан. Бизге болгону мынча баш атылды, анын 25 пайызы ушул акча деп которулгандыгын эле билебиз. Эми алардан алган 100 миң сом айыл аймактын жыртыгын деле бүтөп ийбейт, – дейт А.Молдосалиев мырза.

Наркы түшкөн кайран кулжа, текелер

Кыргызстанда бир кулжага аңчылык кылуунун баасы 15-20 миң доллар болсо, Тажикстанда 25-35 миң, Моңголияда 40-80 миң. Ошол эле учурда атууга уруксат берүүнүн баасы биздин өлкөдө Тажикстанга салыштырмалуу эки эсеге, Монголиядан үч эсеге чейин төмөн бойдон кала берүүдө. Мисалы жогоруда белгиленгендей Кыргызстанда уруксат кагаздын баасы бир кулжанын башына 450 миң сом деп аныкталса, бул көрсөткүч Тажикстанда 10-12 миң, Монголияда 10-20 миң доллар турат экен. Мындай баалуулукту арзандатуунун башкы бирден бир себеби коррупция дейт өз ысымын айтуудан айбыккан жергиликтүү эколог.

– Бизде эмне үчүн лицензиянын баасы өтө арзан. Биринчи себеп каражатты мамлекетке, демек элге эмес өз чөнтөктөрүнө түшүргөндүн эң жакшы жолу. Анткени лицензияны аңчылык чарбалар сөзсүз пара менен алышат. Эгер кулжанын баасын бир миллион сомго чейин коюшса, анда акчасыз калышканы турушат да. Экинчиси мен билгенден Тажикстанда 4 гана аңчылык чарба иштейт. Бизде болсо 70-80. Алардын арасынан кимиси канча параны көп сунуштаса, ошолорго лицензия берүү коррупция эмей эмне. Үчүнчүсү, 70 баш кулжага, 350 баш тоо текеге уруксат берилет. Мындай эсептегенде эле кулжадан 31,5 миллион, тоо текеден 24,5 млн. сом жалпысы 56 млн. сом мамлекетке түшмөк. А аңчылык департаменти 30-32 млн. сом түштү деп отчет берет. Калган акча кайда? Ал эми мамлекет лицензияны кулжага 1 млн. сомго көтөрсө алардан 70 млн., тоо текелерге бааны 150 миң сом кылса, алардан 52,5 млн., жалпысы 120 млн. сомдон ашык акча түшмөк. Демек 80-100 миллиондогон сомдор кулжа менен тоо текелердин айланасынан бийлик менен аңчылык чарбалардын ортосунда айланып жүрөт десек болобу? – дейт жаратылыш сакчысы.

Кеп  соңунда  бир  бүркүм: Маалыматтар боюнча Ала-Тоо аймагынын 14 млн. гектарын мүйүздүү жаныбарлар  мекендейт.  Кулжанын  саны  15-17  миң деп эсептелсе, тоо текелер 50 миңге чамалайт. Кыргызстанда 20 миңдин айланасында ички мергенчилер катталган.