26-июлга карата аба ырайы

26-июлда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаашы тоолуу райондордо гана күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын жана Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29,

Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36,

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…28,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…28,

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 27…29 градус.