Ысык-Көлдө пансионаттан өрт чыгып, үч киши жабыркады

25-июлда саат 18:20да Ысык-Көлдүн Кожояр айылында жайгашкан «Лагуна Сити» пансионатындагы таунхаустан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт саат 20:06да чектөөгө алынып, өрттүн андан ары өөрчүшүп кетишине жол берилген эмес. Ал эми саат 01:15те толук өчүрүлгөн. Өрт болгон жерде жергиликтүү тургундардан 3 эркек адам (1984-ж.т. Б. А., 1984-ж.т. А. К., 1986-ж.т. К. Р.) II даражада күйүк алышып, Ананьево айылындагы ооруканага жаткырылган. Өрттүн
кесепетинен жыгачтан курулган жалпы аянты 1000 чарчы метр таунхаус толугу менен күйүп кеткен.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.