Талас: Шаар мэри кечиккен отчётун берди. Ал кандай кабыл алынды?

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»

Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин соңку сессиясында мэриянын 2017-жылдагы шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча жасалган иштери тууралуу отчёту берилди.

Мэр салык планы толбой келгендиктен мурдагы салык башчысы иштен кетип, натыйжада шаар бюджети кыйла аз төлөм менен түптөлгөнүн, бирок быйыл салык жыйноо өсүп, жеке ишкерлер, коомдук тамактануу жайларын курган адамдар көбөйгөнүн маалымдады. Шаардын бюдже-ти 115 млн. сом менен бекитилген.

Отчет боюнча депутат Аскар Шабданов:«Өндүрүштү өнүктүрүү, ишкерликти алга жылдыруу тууралуу бир ооз сөз болгон жок. Талас шаарында кайдагы айыл чарбасын өстүрүү жөнүндө сөз болсун? Мен облустук мамлекеттик администрациясында иштегем. Статкомдун бир айлык, кварталдык, жылдык отчётторунун эле көчүрмөсү. Өнүктүрүүнүн стратегиялык  планы  жок.  Стратегиялык өнүктүрүү жөнүндө биз мэрди шайлап жатканда сөз болгон эмес, демек бул өңүттө отчёт да жок. Биз депутаттар мэрден эки жылда бир да жолу отчёт алалбадык. Эми мэр шаар курултайында отчёт берсин» – деди.

А.Жусупбеков: «Борбордук  базарды иретке келтирүү, Ж.Мырзалиев көчөсүнөн Пушкин көчөсүнө чейин жарыктандыруу, К.Нуржанов көчөсүн жарыктандыруу шаар мэриясынын долбоорлору» – деди.

Кеп  чынын  айтуу  керек,  Ч.Айтматов көчөсүнө  туялар  отургузулуп,  асфальт төшөлүп, келбетине келе түштү. Бирок акча каражаты Жерүйдүн өнүктүрүү фондусунан каржыланган. Облус жетекчиси М. Мураталиевдин көрсөтмөсү менен облустагы райондордун малкели Суусамыр жайлоосуна шаар сыртындагы Көк-Ой айылы аркылуу айдалып өттү. Шаар депутаттары туяларды сатып келүүдө айрым күмөн санаткан суроолорун шаар мэрине берди эле анын: «Мен Умрага барып келгенче көчөттөрдү отургузуп коюшуптур» – деген жообу зал ичин күлкүгө толтурду. Демек миллиондогон сомго сатылып келинип, алардын бийиктик өлчөмү боюнча түрдүү кеп сөз коомчулукта арбын болуп жатканда ал көчөттөрдү кайсыл “активисттер, күжүрмөндөр” отургузуп койду деген суроо туулду. Өзүм билемдик жасагандар кимдер?

Шаар күнүнүн начар белгиленишине ким күнөөлүү?

Депутат Айбек Сүйүнтбеков Талас шаарынын күнүн белгилөө иш чарасы негизсиз эле 4-5 ирет жылдырылган менен өтө начар деңгээлде белгиленгенин кескин сынга алды. Анын айтымы боюнча ал тургай депутаттардын дээрлик көпчүлүгү кабардар болгон эмес. Быйыл иш чарага 51 миң сомдон ашык каражат бөлүнгөн, былтыр болсо 185 миң сом бөлүнгөн. Шаар мэри 30 миң сомго салют аттыруучу жардыргычтар сатылып алынганын, каражат аз бөлүнүп, натыйжада шаар күнү начар деңгээлде майрамдалган. Депутаттын сөзүнө кошумчалап кетсем, мэр айткандай иш чарага 200 адам эмес, 100 адамдын тегерегинде гана адам жыйналды.

Мэрия менен облустук мекеме уюмдардын, ал  тургай  депутаттардын  Талас  шаардык кеңешинин ортосуна тыгыз байланыш, өз ара сый мамиле жок экендиги ачык билинди. Иш чарада шаардык кеңештин төрагасы Мирлан Есенкулов гана көрүндү. Ал эми облустук мекемелерден 4-5 өкүл болушту. Алар да мэрдин чайына келишсе керек. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев тарабынан шаар мэрине: “Облустун ордолуу шаарынын күнүн бийик деңгээлде өткөрүүгө дарамет жетпесе өкүлчүлүккө неге кайрылган жоксуңар” деген сын айтылды. Дегинкиси иш чарага ол-чойгон акча каражатын жумшоодон мурда уюштуруу иштерин талаптагыдай жүргүзсө иш чара татыктуу өтмөк.

“Эсил кайран” эски техникаларды Таласка ким алып келген?

Сессияда депутаттар Талас облустук өнүктүрүү фондусунан бөлүнгөн каражатка шаардагы таштандыларды чогултуу жана шаар көчөлөрүн жуучу атайын техникаларды сатып алуудагы ызы-чуулуу окуяга кайрылышты. “Неге бааны бир аз жогору койгон, бирок жапжаңы техникаларды сунуш кылган, адистерди окутуп берүүгө да макул болгон. “Кыргызавтомаш” фирмасын тендердик конкурста жеңүүчү деп таппай, жаңы эле ачылган фирмага басым жасадыңар? Натыйжада жараксыз, эски техникаларды алып келип, Талас мэриясы коомчулукка катуу уят болду” – дешти.

Бирок демейде өзүн ал ишке дегеле кымындай катыштыгы жоктой сезген шаар мэри өнүктүрүү фондусунда акча каражаты жок болгондуктан ал келишимден баш тартууга туура келгенин айтты.

Укмуш жооп! Баса “Аз- Нур» фирмасы жолдорду жууп тазалоочу 8 миллион 200 миң сомдук атайын унаа сатып алуу боюнча тендерден жеңип алган. Миллиондогон сомдук деп эсептелген эски техникаларды Талас ка ким алып келген? Облус жетекчилигин аянтка алып чыгып, телеге тарттырып, маашырлана сүйлөп, ким алдаркөсөлүк кылган? М.Мураталиев: “Талас шаарынын тазалыгы үчүн өнүктүрүү фонду аркылуу үч жеңил атайын автоунаа сатып алууга көмөк көрсөтөлү дегенбиз. Мен көргөндө техника жаңыдай эле көрүнгөн, эгер мыйзам бузуу болсо күнөөлүүлөр жазаланат” – деген. Эң кейиштүүсү, “мышык чычкан оюндун” кесепетинен жети айдан бери Таласка жолдорду жуучу техникалар алынып келинбей шаардын көчөлөрүн чаң басып, бул жыл да аяк басып баратат.

Депутаттар Чубак Сатаев көчөсү менен А.Оторбаев көчөсүндөгү павильондорду тезинен албаса жол коопсуздугуна кедерги болуп жаткандыгын айтышты. Ал эми И. Сарыгулов көчөсүндөгү павильондорду башка жерге көчүрүү, базар “бардагын” иреттөө, жолбун иттердин көбөйүшү, К. Нуржанов аллеясындагы талкаланган орундуктар, булганыч көрүнүштөр, таштандыларды туш келди ыргыткан жапайычылыктан кантип кутулуу керектиги, балким коңшулаш Тараз шаарындай 25 миң тенге болбосо да 300-500 сом айып пул салуу тууралуу демилге жасоо сыяктуу маселелер козголгон жок.

Баса мындан 4-5 жыл мурда эле ишке кирген, Европа өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган ичүүчү таза суу системасы боюнча иштердин реабилитациялоо алкагында үч төрт көчөнү асфальттоо иштери облустук бийлик тарабынан жасалып жаткан иштин натыйжасы.

Ошентип шаардык кеңештин көпчүлүк депутаттары шаар мэри А. Жусупбековдун отчёттун канааттандыраарлык деп баалабастан “эске алынсын” деп табышты.