Жаңылануунун негизи – шайлоонун кезеги

Шайлоо – калктын мамлекеттин, анын тиешелүү аймагынын, коомдук-саясий жашоосуна түздөн-түз катышуусунун бир түрү. Ал башкаруунун кандайдыр бир административдик же коомдук органынын жетекчисин, ошондой эле мыйзам чыгаруучу же башка башкаруу органынын курамында шайлоочулардын атынан катышуучу өкүлүн мыйзамдуу түрдө тандоо үчүн жүргүзүлөт.

Бирок азыркы учур, биздин азыркы ахыбалыбыз, калыптанган шайлоо технологиясы тандоо көбүнчө туура эмес жүргүзүлүп жатканын көрсөтүп отурат. Шайлоо, тандоо эл күткөндөй болбой жатат. Азыркы шайлоо системасы элди бай, кембагалга бөлүп койду. Ырас, парламентте татыктуулар бар, бирок сөгүнгөн, элден “уялган”, элдин айлыгынын өлчөмүн болжолдуу билбеген, айтор, ар түрдүү адамдар да келип жатат. Андайлардан бир эле куудул Тынар пайда таппаса, көпчүлүк пайдасын көрбөй жатат.

Бизди эл тааныбай калды деп, KG номерлерин кайтарып берүүсүн талап кылганы да бар (“легендарлуу” парламенттин депутаттарын, мисалы, арабада жүрсө деле таанычубуз). Келгендеринен кеткендери тез болуп, таанып да үлгүрбөйсүң чындыгында. Депутат болду (бир-эки ай болсо да) деп, эмгек китепчесине жаздыруу – азыркы жаңы мода. Анан да шайлоо алдында Алдар көсөнүн калптары  жолдо  калды.  Өткөн  шайлоо өнөктүгүндө “ар бир туулган балага 50 миң, энесине 50 миң сом сүйүнчү пул берчү кылабыз, өкмөт бере албаса, анда биз беребиз” деп, телеберүүдө жар салган адам азыр депутат болбосо да, папка көтөрүп жүрөт, тооба. Ошондуктан эл ичинде “куру убададан көрө, куругунан сүйлө” принциби бышыкталып барат.

Мына ушуга байланыштуу Жогорку Кенешке болгон шайлоону аралаш система менен уюштурууну сунуш кылар элем. Башкача айтканда, административдик райондор негизин түзгөн 50-55 шайлоо округдарын түзүп, ар бир партиядан бир же экиден талапкер көрсөтүү туура болот. Шайлоо өнөктүгүндө талапкерлер чогуу болуп, округдун (райондун)  территориясы  боюнча  мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен атайын автобустарда кыдыруу менен агита-ция иштерин жүргүзсө жакшы болот. Теле берүүлөрдө, радио уктурууларда да бирдей шарт түзүлүш керек. Мына ошондо эл алдында кимдин ким экендиги билинет, “казанда болсо чөмүчкө чыгат”, эл алдында бааланат, өз чамасын баамдайт. Өзүнчө агитация жүргүзүүгө, “элди сүйгөн жүздөрүн” көрсөткөн көрнөк-жарнактарды илүүгө тыюу салуу максатка ылайык. Мында интеллигенциянын жөнөкөй өкүлдөрү да бийликке келүүгө жол ачылат.

Ошондой эле так жана туура тандоого жол ачыш үчүн шайлоо өнөктүгүн 3 айга белгилөө зарыл. Ал эми шайлоочулардын тизмеси шайлоо бүткөндөн кийин алган добуштарынын санына жараша тизмеден орун алып, салыштырмалуу көпчүлүк добуштун негизинде бекитилиши керек. Шайлоого чейин тизме алфа-виттик тартипте болот. Албетте, мында да принципиалдуу маселелер бар: депутаттардын санын азайтуу, күрөө коюу процедурасын кайра кароо, аймактык квотаны сактоо ж.б. Анан да депутаттыкка умтулгандардын “көөшүнүн суу-туу” максатында депутаттарды жогорку бийлик органдарына дайындоого тыюу салуу керек. Депутат болуп келдиби, отурсун мыйзам жазып, “башка тоонун чөбүн эңсебей”. Мына ошондо карьера боюнча жолборс секирик жасагандар да тыйылат.

Ал эми шайлоо тартиби менен башчы болгон ишкана-уюмдарда кээ бир жетекчилер интриган, трайбалисттерге көз каранды болуп (шайлоодо ошондойлордун пайдасы көп тиет эмеспи), башкаруу мөөнөтү бүткүчө ошол адамдардын оозун карап, көзүнүн агы менен тегеренип, иши кылып, ар түрдүү “каприздерин” орундатып келишет.

Жыйынтыктап айтканда, өлкөдө шайлоо системасын реформалоо, укуктук ченемдерин өзгөртүү мезгили келди деп эсептейбиз. Мында, бизде адат болуп калгандай, тигил же бул өнүккөн мамлекетте тигиндей-мындай экен деп, аларды эми туурай  бербей,  өзүбүздүн социалдык-экономикалык, коомдук-саясий  жана  менталитеттик өзгөчөлүктөрүбүздү эске алып иш жүргүзүү абзел.

Абдурашит НИЗАМИЕВ, география илимдеринин доктору, профессор