Сагыныч, таарыныч, арман жана сыймык…

Жазып алган Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


ХХ кылымдагы кыргыздын залкар обончусу жана ырчысы, кыргыз музыка дүйнөсүнө жаркын из салган албан талант Рысбай Абдыкадыровдун кызы Гүлжамал Абдыкадырова менен маек.

Атабыз – Рысбай Абды-кадыровдун мынчалык улуу адам экенин көзү тирүү кезинде   байкачу  эмес  экенбиз. Анын  даңазасы  улам  убакыт өткөн сайын артып баратканы мени сыймыкка бөлөйт. Мен атамдын биринчи, тогуз-торолук аялынан туулган үчүнчү кызмын. Улуу эжем – Алтынчач азыр Бишкекте, экинчи эжем – Гүлзат Кара-Колдо мугалим.

***

Ымыркай кезде өз апам менен кетип, андан соң чоң энемдин, анан кайра апамдын колунда эс тарткам. Тагдыр буйруп, кийин кайра атамдын туулуп-өскөн айылына келип, ошол жерге турмушка чыгып, үч кыз, үч уулдун энеси болгом, учурда эки неберем бар.

***

Атам  өзү   1941-жылдын 12-январында  Оштун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак деген айылында туулган. Булар 7 бир тууган болчу, азыр эч кимиси калган жок. Бирок ар биринен балдары барбыз. Кудай-га шүгүр, атамдын 5 кызы, 20дан ашык небереси, 20га жакын чебереси бар.

Атам 1963-жылы Ош педагогикалык факультетин бүтүрүп, чыгармачылык  жолун  Кара-Кулжа элдик театрында баштап, апам Тоту менен ошол жерден таанышып, баш кошуптур. Андан соң Жалал-Абад театрында, кийин ден соолугуна байланыштуу борборго келип, филармонияда иштеп калган.

***

Ата-энем  мен  үч  айлык кезимде ажырашып кетишип,  апам  үчөөбүздү  алып Тогуз-Торого кетип, бат эле башка адамга турмушка чыгыптыр. Ошондо чоң энем артынан барып: “Балам, кыздарды мага бер, мен чогуу бир жерде багайын”, – деп сурап кетет. Анда мен 7 айлыккезим экен. Ошентип, он төрт жашыма чейин чоң энемдин колунда чонойдум.

***

Атам Бишкекте ооруканада жатып, Оңол апабыз менен баш кошот. Кээде айылга келип турушчу. Андайда мага дайым көйнөк, туфли, бантик алып келер эле. Мен  аларды  сүйүнүп  кийип алып, түнү менен чечпей жатып, уктап кетчүмүн. Атамдын жакын, жанымда экенин сезгим келчү.

Чоң энем бизди атасына жакын өссүн дечү го, же кыздарын сагынбасын деп өз уулун аячубу, мени Ошко – атамдын үйүнө алып келе берчү. Эсимде, бир жолу кышта барганыбызда атам менен Давлет эже, алардын кызы Сюита болуп эки бөлмөлүү үй алышыптыр. Сюита экөөбүздү: “Эт сатып келгиле”, – деп Давлет эжем дүкөнгө жиберген. Биз дүкөнгө жетпей эле жолдо чана тээп жүрүп алыппыз. Бир маалда карасак эле атам келе жатат. Эмнегедир  көзүмдү  ала  качып кеттим…

Атам келип улам бирибизди эркелетип, бизди чогуу сүрөткө тарткысы келди. Бирок мен ба-шымды көтөрбөй койгом. Эми ойлосом, менде атама карата таарыныч пайда болгон окшойт.

***

Эсимде,  чоң   энем  шейшеп тигип, мен каймакка  талкан  аралаштырып  отургам. Аңгыча эле эшикке машина келип калды. Атам, Алтынчач, Гүлзат  эжелерим,  анан   Сюита  менен  апасы  келишиптир.

Ошондо эжелерим: “Эртең сени да алып кетебиз”, – дегенде менин сүйүнгөнүмдү айтпа! Такыр

таң атпай койгон. Эртеси атамдар алып келген жаңы жемпирди, ак колготки, ак туфлини кийип, да-ярданып турсам, абам менен чоң энем мени кое бербей коюшкан. Ошол мезгилдеги менин жаңжал кылганым азыр да көз алдымдан кетпейт. Менин эрчип ыйлаганымды көрүп, эжелерим да өксүп ыйлашкан. Анан жиним менен жаңы алып келген кийимдерин тишим менен айрып, топуракка оонап, баарын жок кылгам.

***

Бир  күнү атам  дагы  келди.  Мен ага көрүнгүм келбей койду. Бирок окууга  жашынып жөнөп жатсам, атам кармап алып:  “Кызым, мени  “ата”  деп койчу?” – деп суранганы эсимде. Бирок мен такыр айтпай койгом. Бул менин жүрөгүмдөгү таарынычты да, сагынычты да ого бетер күчөткөн. Анан атам 3 сом берген. Анда 3 сом аябай чоң акча эле. Ошол акчаны көпкө чейин коротконго дитим барбай аярлап, китебимдин ичине катып жүргөм.

***

Кийин апам келип улуу эжем  экөөбүздү  кайра Тогуз-Торого алып кетти. Эжемди ошол жакка турмушка берди. Мен он тогуз жашыма чейин тайларымда жүрүп, 1988-жылы кайра атамдын айылына келдим да, тагдыр буйруп, ата конушта биротоло калып калдым.

Апам  болсо  азыр  Тогуз-Тородо турат, 72 жашта.

***

Атамдын кызы экенимди ошол кезде сезбегеним менен, анын жарыгы эми да мага, балдарыма тийип келет. Себе-би, кайда барсам да аты-жөнүмдү билгендер мага ызааттап мамиле кылышат. Айрыкча, районго до-кументтер менен байланыштуу иштерим чыгып калганда ошондой.

***

Бала кезде атама таарын-ганымдын дагы бир жөнү бар.

Мен  ырдаганды  жакшы көрчүмүн. Ырчы, актриса болгум  келчү.  Апам  анчалык  каалачу  эмес.  Атам  болсо:  “Сен чоңойгондо  трактор  алып  берем, сага трактор гана жарашат”, – деп айта берчү. Бул мага катуу тийчү. Ошондон кийин ойлой берем: ата- эне баланын жүрөгүнө так салбай, анан да каалаган кесибине багыт берип тарбиялаш керек экен. Эгерде менин ата-энем ажырашып кетпегенде, балким мен да бир чоң ырчы же актриса болмокмун. Бала кезден самаган ушул тилегим ошол бойдон көмүскөдө калды…

***

Кудай  буюрса,   уулубуз Насип таятасынын, ж.б. залкарлардын ырларын ырдап, элдин алдына чыгып, тааныла баштады. Азыр мени менен Москвада жүрөт. Эми жакында Бишкекке келип, таятасынын ырлары менен чоң аудиторияга чыкса деген тилегибиз бар. Ушул уулумду эл колдоп, На-сибим кыргыздын бир мыкты уулдарынан болуп өсүп чыкса, көкүрөк-көңүлдөгү баягы бала кезден калган дарт бир аз болсо да айыгат беле деп ойлой берем.

***

1988-жылы  атам «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген наам алып, «Ырларым менин тагдырым» аттуу ырлар жыйнагы  жарык  көргөн.  Көз жумганынан сегиз күндөн кийин эмгеги бааланып, 1994-жылы 20-сентябрда «Эл агартуунун отличниги» деген наам берилген. Ошол эле жылдын ноябрь айында Ош филармониясына, Кара-Кулжа музыкалык окуу жайына ысымы ыйгарылган. 1997-жылы 12-январда Сулайман тоодогу бейитине эстелик коюлуп, андан соң Ош филармониясынын алдында эстелиги ачылып, коомдук фонд уюшулган.

Өзүнүн аз жашаган өмүрүндө бир  топ  өлбөс-өчпөс  ырларды  жаратып,  атам  1994-жылы 12-сентяб рында көпкө созулган оорудан кийин көз жумган.

Сагыныч, таарыныч, арман жана сыймык…: 1 комментарий

  • Июль 26, 2018 в 2:28 пп
    Permalink

    Ассалоомуу аалекуум жене! Улуу ырчыны ,атанызды эстеп эл алдына оз ссырынызды айтыпсыз,окуп алып мен да абдан таасирлендим.Ар дайым атаныздын арбагы колдоп, жолдоп журсун! Улуу орус калкынын жакшы макалы бар ,,Лучше поздночем никогда,, дегендей азыр деле кеч эмес уулунуз Насиббектиин концерттеринде анча мынча чыгып журогунуздогу опкулжуган ырларынызды эл артына бет ачаар кылып тартууласаныз эл угуп, баалайт, бмрок иен уккамые, Эми элге тартуулай турган убакыт келгендир,,, Балким ырдала турган ырларыныз менее атанызга болгон кусунызды, таарыеычызды, сагынычынызды ащ да болсо боксортуп алаарсыз дер ойлоймун!?..Атаныздын арбагы ар дайым сиздеги оргуштап турган музунызды колдоп , жолдоп журсун ,оомийиин!!!

Комментарии запрещены.