Акын ТААЛАЙ Нуркемел: «Акындык – бул тагдыр, акын Дүйшөн экөөбүзгө эч ким «кат» жазбай калды…»

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


– Таалай, сенин “Жоголгон муундар” деген ырлар түрмөгүңдө:

“Караңгыдан жол издеген адаммын,

Күндүз колго кармап алган чырагым.

Сени узатып үйдөн жолго чыкканда,

Карап турдум үзүлгөнчө карааның.

Kарап турдум бактыбызды жолдогу,

Оор өңдөнөт кара сумкаң колдогу.

Турмуш кандай, сүйүү кандай деп,

Сенде да бар нечен санаа, толгонуу”,– деген ойлуу саптар бар. Бул ыр сенин жана  менин  муунумдагылардын тагдыры тууралуу эмеспи, ыраспы? “Жоголгон муун” деген аныктама биз-дин муунга туура келсе керек?

–  Туура  айтасың. Оболу, “Жоголгон муун” деп  ыр  баштагам.  Ал  – ырлар түрмөгүнө айланды да, бара-бара дастан болду. Анда биз жашаган доор гана эмес, бардык мезгилдердеги жоголгон муундардын тагдыры бар. Ал дастанды бери карап күлүп, нары карап ыйлап, миң толгонуп жаздым. Бул дастан жоголгон муундун кубанычы менен кайгысы, көз жашы менен күлкүсү, абийири менен ар-намысы тууралуу философиялык ой толгоо.

– Бул дастан толугу менен жарык көрө элек болсо керек?

– “Күн тийген тоолор” деген китебимди даярдап койдум. Дастан толугу менен ошол китепте жарык көрөт. Буга чейин айрым бир үзүндүлөрү чыккан. А китеп болсо, демөөрчү жок чыкпай турат.

– Адам өткөн жашоосуна кылчая кайрылып, “аттиң минтип жашасам болмок экен” деген күндөр болот эмеспи. Сен да азыр өткөн менен кеткенди көп ойлонуп жатсаң керек, эгер кайрадан төрөлсөң, акын болор белең же болбойт белең?

– Ооба, талаш жок, акын болмокмун. Бирок, айныксыз бир чындык бар, эми бизди энебиз кайра баштан төрөй албайт. Жашоого кайрадан бир жаралсам деген ой, бул бир куру кыял. Аттигиниң, кайрадан бир жаралсак, анда баары башкача болор беле, ким билет. Бирок, мен ушул өмүрүмө тобо кылам. Энеме да, атама да рахмат. Акын болуп колума калем алып, ыр жазып калдым.

Акындыктын азабын да, рахатын да тарттым. Акындыктын азабынан өткөн азап жок. Банкир күнү-түнү акчаны кантип көбөйтүүнүн жолун ойлойт, дыйкандын көңүлүнөн эртели-кеч айдоо талаасы кетпейт, шопур бара турган жерине аман-эсен жетип алсам деп тилейт, врач оорулууну кантип дартынан айыктырам деп аны менен алек, анысы кандай акын бир-эки сап ыр жазыш үчүн басып жүрүп, туруп жүрүп ойлонот. Бир карасаң, акын куду уста сыяктуу. Айталы, ээрчи ээр чабуу үчүн колунан керкисин түшүрбөй, жыгачты сомдоп отурат эмеспи. Бирок, акында антип колго кармай турган буюм жок. Ойлорду кол менен кармалоого мүмкүн эмес. Акындыктын азабы ошондо. Акындыктын рахаты дегеним, бир-эки жылтыраган сап кармап калсаң, ошону кагаз бетине түшүрүп алып, ошого сүйүнүп отура бересиң.

– Поэзия сен үчүн эмне? Адабиятка, анын ичинде поэзияга кандай мамиле керек?

– Мен поэзияга өтө жоопкер карайм, башка акындардын да ошондой болушун тилейм. Мага акындык кесип менен нан таап жеш кыйын болсо да, аны сүйөм! Эч таштабайм, анткени бул сүйүү – чексиз сүйүү. Бир да аялды мен поэзияны сүйгөндөй сүйгөн эмесмин.

– Ыр жазып, чыгармачылык менен узанып жатасыңбы?

– Ыр көп күчтү талап кылат. Мен жаш кезимде көп жаздым. Күнү-түнү ой издеп, сөз издеп отура берчүмүн. Азыр ооругандан бери, жазбай калдым. Кийинки учурда адабий сын жазып жатам. Китеби, дегеле чыгармачылыктары боюнча адабий сын жазып берүүнү сурангандар көп болууда. Бирок, сураныч, өтүнүчтөр менен жазса эле, мактай берет экен деп ойлобогула. Мен табиятымдан бетке түз айткан айткан адаммын. Ким суранбасын, болгонун болгондой жазам.

– Улуу муундагы акындардан кимиси сенин жан дүйнөңө жакын? Эмнеси менен?

– Улуулардан Байдылда Сарногоев. Бу киши кыргыз поэзиясынын кайталангыс классиги. Мен өзүмдү а кишинин таалим-тарбия алган шакирти деп эсептейм. Дагы бир устатым — Омор Султанов. Бу киши көзү тирүүсүндө классикке айланган, кыргыз поэзиясында чолпон жылдыз болуп калган адам. Ушул залкарлардын батасын алып калганым үчүн Теңирге миң мертебе ыраазычылык айтам.

– Кыргыз акындарынын улуу муунунан кимдерди кыргыз поэзиясына жаңылык апкелди деп ойлойсуң?

– Кыргыз поэзиясына жаңылык апкелген, улуттук поэзияны таанылгыс кылып өзгөрткөн акындар арбын. Анын туу башында Омор Султанов турат. Турар Кожомбердиевда кыргыз поэзиясындагы өзүнчө бир бийиктик. Жолон Мамытов да поэзия ааламында өз космосун жарата алды. Поэзияга нукура жаңычылдыгы менен келген акындар Табылды Муканов менен Тургунбай Эргешов. Булардын катарына Акбар Рыскуловду да кошсо болот. Ар бир сөздү, ар бир уйкаштыкты бабына келтирип, сөздү сөзгө кынаган уста! “Атакенин акболот” романы да мыкты чыгарма болуптур. Таланттуу адам бардык жагынан таланттуу болот деген ушул эмеспи. Булар ырасында да кайталангыс таланттар.

– Өз муунуңдагы акындардан кимдерди баалайсың? Эмне касиети үчүн?

– Алик, Барчынбек деген асыл акын досторум бар эле, биринин артынан бири кете беришти. Артында алтынга бергис ырлары калды. Арабызда жүрүп, алардын баркын билбей калдык. Экөө тең гений эле. Өздөрүнө өздөрү сыйбай өтүп кетишти. Алик Акималиевдин “Герникасы” эмне деген керемет?

– Кайран акын турмушта ары урунду, бери урунду, көбүбүз аны түшүнө алган жокпуз, же туура эмес айтамбы?

– Туура, баарыбыз түшүнө алган жокпуз. Бу жашоодо акылдууларга акмактар акыл айткан, билимдүүлөргө билимсиздер үйрөткөн учурлар көп болот экен. Алик аябай көп окуган акын эле. Ал адабиятты гана эмес, дүйнөлүк искусствону, дүйнө тарыхын мыкты билчү. Көп кишилер, анын ичинде акындар деле Алик Акималиевдин “Герникасын” окумак түгүл, ал шыктанып жазган даңазалуу сүрөтчү Пабло Пикассонун “Герникасы” тууралуу билбей турганын бөркүмдөй көрөм. Пабло Пикассо кыл калем менен ачуу чыңырган дүйнө алааматын полотного түшүрсө, Алик ал алааматты поэзиянын тилине салды жана поэзиядагы “Герника” полотнодогу “Герникадан” бир ташы кем болгон жок.

– Дүйшөн Жапаров деген досуң бар эле кабарлашып турасыңбы?

– Экөөбүз тең оорукчал болуп калсак, кандай кабарлаштык. Ден соолук бар кезде, жарышып ыр жазып, далай таңды чогуу тоскон күндөр болду. Маркестин “Полковникке эч ким кат жазбайт” чыгармасына окшоп, бизге азыр эч ким “кат” жазбай калды. Ага таарыныч деле жок. Ар кимдин өз тирилиги бар, түшүнөм.

– Чыгармачылыкка кантип аралашып калдың? Канча жашыңда, кимдин түрткүсү менен?

– Менин канымда акындыктын каны жүгүрүп турат. Ыр мага ата-бабаларымдан калган. Чоң аталарым төкмө акындар болушса, таятам манасчы болуптур. Кийинки эле чоң атам Калык менен айтышкан экен. Мен “сүрөтчү болом”, – дечүмүн же архитектор, кан кое бербейт экен, акын болуп калдым. Бирок, өкүнбөйм, азыр сыймыктанам — ата тегимдин жолун уланттым.

– Артта келаткан жаштардын чыгармаларын окуп жүрөсүңбү? Жаштардын дүбүртү кандай? Арасында дүйнөлүк адабиятка чыга алчулары барбы?

– Жаштар поэзиясына келсек, жигиттер таарынбасын, жигиттерге караганда кыздар мыкты жазып жатат. Бирок, дүйнөлүк адабиятты багынтарына көзүм жетпейт. Ал үчүнжаштар көбүрөөк иштеш керек. Ал оңой-олтоң нерсе эмес. Акындык бул тагдыр. Кокустук эмес. Жаштар арасында халтура ырлар көп жазылып жатканы өкүндүрөт.

– Акын катары өз космосуңду таба алдыңбы? Өз көздөгөн бийиктигиңди багынттыңбы?

– Космосумду таптымбы же жокпу, аны сен айт. Эгер, өзүмө баа берсем, башынан операция болгон Таалай дөөрүп калыптыр дегендер четтен чыгат.

– Мына азыр ооруп үйдө төшөктө жатасың. Мамлекет акындарга, жазуучуларга кам көрүшү керек деп ойлойсуңбу?

–Ал-жайды сураганыңа рахмат. Инсульт болуп, ооруп төшөктө жатканыма үч жыл болду. Чынын айтсам, мамлекеттен деле үмтөткөн жокмун.  Жараткандын амири болбой, канаттуу-нун бир тал канаты жерге түшпөйт деген. Мүмкүн, бул да Кудайдын сыноо-судур. Кейип-кепчип, турмушка наалат айткым келбейт. Учурунда бүркүткө окшоп, бийик чабытта-дык, күпүлдөгөн дайрадай ырларды жаздык. Эми эмне дейм, пешенеге жазганы тургандыр. Эң башкысы, кыргыз элим аман болсун! Эл аман болсо, жерибиз бүтүн болсо, менин да буюрган ырыскым болсо керек.

Таалай Нуркемел

СЫРЛАРЫ АЧЫЛБАГАН СУРДУУ КЕЧТЕР

Кызыл от. Ак мөңгүдөн ашып барат,

Тоолорду, ай талааны муңкандырып.

Чыйрыгып турат айдың, кечки талаа,

Кемирген ооздугун тулпар тынып.

Көөдөй түн койнундагы тиричилик,

Жашоонун кызыгына үмүт арбын.

Арбактар эркин жүрөт түшкө кирип,

Мүрзөлөр челегиндей аарылардын.

Күркүрөп коктудагы сайдын суусу,

Күтүрөп төө чайнаган тикенектер.

Короодо койдун сүрдүү бышкырыгы,

Үргөнү же болбосо жаалып иттер.

Кадамың — терең чуңкур аңга окшойт,

Буттарды жипсиз байлап ойду козгойт.

Тарыхта жексен болуп талкаланган,

Кыямат-кайымдардан элди жоктойт.

Ураган күмбөздөрдүн арасынан,

Энедей инген боздойт, буура боздойт.

Аралап салаалаган жылдыздарды,

Жер Эне кайдан учкан, кайдан токтойт?

Сырлары ачылбаган сүрдүү кечтер,

Чыйрыгат мендик окшойт, сендик окшойт.

ГОМЕР

Жолуга албай жолун тосуп убайым,

Тарткан акын жолунда мен турамын.

Гомер өзү ташпы, адамбы ким билет,

Мен андыктан кандай арга кыламын.

Сокур дешет сойгон дастан терисин.

Ташта отуруп дастан жазган деги ким?

Болгону таш сокур адам кейпинде.

Кудайларын даңктайт грек жеринин,

Сулуулук бар, сүйүү да бар, каргыш бар.

Жаралуу, өлүү, оту да бар жана ызгаар,

Уурдоо, тоноо, жалын учкан согуштар.

Жамандык бар, жакшылык бар, жеңиш бар,

Баласынын башын жуткан кудайлар.

Кылыч сүйрөп кеткен баатыр жолдор бар,

Ууну сунган укмуш сулуу колдор бар.

Асыл Мекен деп жүрөгүн арнаган,

Арман иште өлгөн каардуу баатырлар.

Маскарапоз мас күчүнө куусу анда,

Арам ташын катып алган коюнга.

Чокутушкан боорун итке, куштарга

Канын төккөн, жанын сайган кыздарга.

Жараткандын жанын катуу оорутуп,

Жалындаган айланышкан муз, карга.

Крон өңдүү ач көз, канкор адам бар,

Каны бузук, дили бузук маскара.

Аны айтсаң арман айтуу чак келбейт,

Ааламда бүт акын даңкы бап келбейт.

«Иллиада», «Одиссея» көз болгон,

Бүт дүйнөнү көрүш үчүн төп бойдон.

Хиостогу ташка бул чын белгилүү,

Алп Гомердин акындыгы, эрдиги.

Ахиланын, Одиссейдин, Гектордун,

Менелайдын, Еленанын, Паристин,

Троянын он жыл күйгөн өрт күнү.

Жаркыраган тунук көз жок чырактай,

Чын турмушта жашап өткөн изи жок.

Сөөгү да жок, алтын башы, каты жок,

Сүйгөнү жок, катар жүргөн досу жок.

Гомер – кудай, балким, Гомер өзү жок.