Ишен НАЗАРОВ, ырчы: “Бир кезде кирпич коюп иштегем”

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Кайгымды тарттың темселип,

Карыздар ким бар менчелик?

Жүк болгон күнүм эстесем,

Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп… деген ыр саптарын жан дили менен берилип, ийине жеткире аткарган Ишен Назаровдун “Апакем” деген ыры кимди гана болбосун ойго салып, муун-жүүнүн бошотуп, асыл апаларды көзү тирүүсүндө сыйлап, барктап алууга үндөйт. Менимче, бул ырды уккан адамдардын бардыгы, ошол замат апаларына телефон чалып, жакшы көрөрүн айтышса керек…

Дал ушул чыгарма аркылуу элге таанылып, көпчүлүктүн көңүлүнөн түнөк таап, чыгармачылыктын чыйыр жолуна кадам таштап келаткан жаш ырчы Ишен Назаров бүгүн биздин кадырлуу коногубуз болмокчу.

– Ишен, биз сени бир тойдо тартылган видео тасма аркылуу тааныдык окшойт. Ошондуктан, сөздү ошол той, ошол тасма тууралуу баштасак?

– Жакшы болот. Сиз айтып жаткан той Кант шаарында өткөн. Үйлөнүп жаткан баланын бир туугандары мага телефон чалып: “Апакем” деген ырыңды ырдап берчи. Биз апабызга ыраазычылык билдирип, рахматыбызды айтат элек”, – деп калышты. Бир ыр ырдаш үчүн Кантка барып убара болгум келбей, Майрамбек байкенин дагы апа жөнүндө жакшы ырлары бар экенин айттым. Себеби, ал тойдо Майрамбек Осмонов байкебиз тамадалык кылмак. Бирок, көнүшкөн жок. Негизи жакшылыктарга барарда алдын-ала акы жөнүндө сүйлөшүп, келишип алып барчумун.

Ошондо эмнегедир гонорар тууралуу ооз ачпаптырмын. Ошентип, тойго бардым, “Апакемди” ырдадым. Бирок, эң кызыгы ырдап жатканда ушунчалык толкундагандыктанбы, залдагы меймандардын ыйлап жатканын байкабаптырмын.

– Сенин аткарууңдагы бир чыгарма, бир тойдун көркүн ачып, эсте каларлыктай көз ирмемдерди тартуу кылганын качан сездиң?

– Үйгө барганда билдим. Себеби, ырдаганымды телефонума тарттырып койгом. Карасам өзүнчө эле жаңы клип болуп калыптыр. Операторлордон мен ырдап жаткан учурду кыркып «ютубка» салып коюшун сурандым. Ал жактан өзүмдүн интернет баракчама жүктөдүм. Бир күндүн ичинде миңдеген адамдар көрүп, абдан жакшы ой-пикирлерин калтырышыптыр.

–  Бул  ырды  өзүң  качан,  каяктан  уктуң  жана  кандайча  ырдап калдың?

– Чыгармачыл чөйрөдөгү байкелерим менен чогуу мейманда отурганда, Кубаныч Алиев (обонун жазган автор) аккордеон менен ырдап берген. Ошондо көңүлүмө жагып калган болчу. Кийин мени “Санжыра” радиосуна “Энелер күнүнө” карата майрамдык түз эфирге чакырып калды. Ырдап жүргөн ырларымды тизмектесем, апалар жөнүндө ырларым аз экен. Дароо эле Кубаныч байкенин баягы ыры эсиме түштү. Ага барып жагдай-ымды түшүндүрсөм, ырдын текстин кагазга жазып берди. Ошентип, бул чыгарманы биринчи жолу “Санжыра” радиосунун түз эфиринде аткарып көрдүм. Өзүмө дагы, туугандарыма дагы абдан жагып калды. Анан авторлордон ырдап чыгууга уруксат алдым. Мага чейин бир топ ырчылар сурап жүрүптүр. Буйрук экен, мен үчүн бул чыгарма ак жолтой болду. Бир аз да болсо элге менин жүзүмдү таанытты десем болот.

–  Бул  ырды  бир күндө  канча  жолу угасың?

– Көп деле уга бербейм. Бир жолу, эсимде машина-да жалгыз кетип бара жатып, болушунча добушун чоңойтуп алып уктум. Ко-шулуп ырдадым. Апамды сагынып калган белем, ырдап жатып ыйладым. Анан апама телефон чалдым. Эне жүрөгү баары бир башкача да. Апам менин ыйлаганымды сезип койду.

–  Апаңды  сүрөттөп берчи?

– Менин апамдын аты Алымкан. Ал өзгөчө киши. Ашкан мээримдүү, жароо-кер  жан.  Кандай  мактоо болсо да жарашат. Ар бир балага өзүнүн апасы кымбат. И баса, “Апакем” деген ырым апама бир аз катуу тийген көрүнөт.

– Атаң жөнүндө дагы айтсаң?

– Атам Урмат абдан тартипке катуу киши. Биз бир туугандар атамдын көз карашынан эле баарын байкап, аңдап турабыз. Атам чыгармачылыкты түшүнгөн инсан. Көп жылдардан бери Аксыдагы Жеңижок атабыздын музейин жетектеп иштеп келатат. Элдин адамы десем жаңылышпайм. Кээде менден кумириң ким деп сурап калышат. Ошондо атамдай киши болсом, жаман болбойм деп жооп берем. Өзүм да атама окшошмун. Ал киши дагы ме-нин жакшы жагымды укса: “Өзүмдүн балам”, – деп мактап калат. Кокус жаман жагымды угуп калса: “Сенин балаң, сенин тарбияң”, – деп апамдын баласы кылып коет.

– Канча бир туугансыңар?

– 8 бир тууганбыз. 5 уул, 3 кыз. Мен жетинчисимин. Менден кийин Эрмек деген иним бар. Бойдогубуз эле ошол. Калганыбыз баарыбыз үйлөнүп-жайланганбыз. Кудай буюрса, күзүндө апам эң кенже келинине ак жоолугун салат деп ниет кылып жатабыз.

– Адамда токтоп туруу деген болбойт. Артка кетет, же алдыга жылат деп коюшат. Анын сыңарындай алдыга карай кандай максаттарды коюп жатасың?

–  Жаңы  ырларды  жаздырууну  ойлоп жүрөм. Бирок, кандай ыр ырдасам деген суроо болуп жатат. Анткени, “Апакемден” кийин анын деңгээлинен төмөн түшпөгөн, жеңил-желпи же шаңдуу ырларды аткаруудан бир аз чочулап турам. Ошондуктан, орундуу, салмактуу жана маанилүү чыгарма жаратсам деген тилегим бар.

– Өнөр чөйрөсүнө келишиңе ким себепкер болду?

– Эң улуу Мирлан деген байкем түрткү берди. Андан сырткары, бир айылдашымдын да салымы бар. Ал искусство институ-тунда окуп жүрчү. “Биз дайыма костюм шым кийип кычырап жүрөбүз”, – деди.

Ошентип, Б.Бейшеналиева атындагы ис-кусство институтуна тапшырып өтүп кеттим.

– Сөзүңө аралжы, курулушта иштедим дедиң…

– Негизи мен мектепти аяктап, Жалал-Абаддагы маданият техникумуна тапшыргам. Ошол жакта окуй турган болуп окууга 10 күн калганда, Бишкекке келдим. Келсем классташтарымдын бардыгы бул жакта экен. Шаарды, классташтарымды көрүп ошо бойдон кетпей койдум. Окуум болсо калды. Кийинчерээк жездеме кошулуп курулушта иштедим. Бишкектеги бир топ үйлөрдүн кирпичин койдум, ичин шыбадым, евро ремонт да жасап жүрдүм. Андан сырткары, май куюучу жайларда иштедим. Айрыкча Беш-Күнгөйдөгү май куюучу жайда иштегеним аябай эсимде калыптыр. Ошол жерден  өткөн  сайын жанымда  ким  болсо, ошого айта берем. Азыр ойлоп көрсөм аябай оор жумуш экен. Өткөн кеткен  күндөрүмдү  эстеп, азыркыма шүгүр кылам.

– Ырчылар көпчүлүк учурда чоң сахнага чейин кафе-ресторандарда ырдап тажрыйба топтойт эмеспи, сенде да ошондой болдубу?

– Ооба. Ансыз бол-бойт да. Ошентип, курулуштан  кутулуп  ырчылык жолго түштүм. Мен 1-курска келгенде 4-курстун балдары тойго чыгып ырдап жүрүшкөн экен. Мени аккордеончу кы-лып кошуп алышты. Алар менен Кызыл аскердеги “Доскана” деген чайканага барып 2 саатта эле 200 сом иштеп таптым. Бул мага майдай жакты. Минтип отурсам, бат эле байыйм го деп ойлодум. Анткени, курулушта бир күн кечке ылай, кирпич ташып араң 300 сом алчумун да. Көрсө, майдай тер, таман акы менен тапкан акча гана жугумдуу, берекелүү болот экен.

– Үй-бүлөң тууралуу айта кетсең?

– Өзүмдүн чакан үй-бүлөм жөнүндө айта турган болсом. 2015-жылы Наргиза деген ашык болгон кызыма үйлөнгөм. Адеми деген кызыбыз бар. 1,5 жашта. Адемини көргөндө чарчаганымды да унутуп калам…