Бишкек шаарынын мэрине талапкер катары Азиз Суракматов көрсөттүлдү

Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк каолициясы калаа мэрлигине Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөттү.

маалыматтарга ылайык, коалициянын жыйыны бүгүн болгон, жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңешинин 4 партиясы Суракматовдун талапкерлигин колдогон.

Бишкектин мэрин шайлоо 2018-жылдын 8-августунда болот. Азырынча расмий түрдө бир гана талапкер сунушталды.

Азиз Суракматов Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында депутат болгон.