III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 594 медаль ойнотулат

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы байге фонду 26 млн. сомду түздү. Бул тууралуу КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жалпы байге фондун 26 млн.615 миң сом деп бекиткен.

Анын ичинен Көк-бөрү боюнча мелдештин байге фонду 6 млн. сом. Мындан тышкары, мелдештин жүрүшүндө “Көк бөрү боюнча Улуу оюнчу” аныкталат, ал 100 миң сом байге алат жана “Көк бөрүнүн Улуу аты” 100 миң сом акчалай байге алат.

Учурда ДКОго катыша тургандыктарын 44 өлкөдөн спортчулар тастыкташты.  174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло болуп, жалпы 594 медаль ойнотулат.