Жолугушуу орду — кыргыз желеги

АКШнын президенти Дональд Трамптын Сауд Арабияда өткөн саммитте катышуучу-өлкөлөрдүн президенттери менен Кыргыз Республикасынын желегинин жанында түшкөн сүрөттөрү интернетте талкууга алынды.

Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияд шаарында өткөн «АКШ — Ислам дүйнөсү» аттуу саммитте Дональд Трамп Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев, Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолуккан.

Интернет колдонуучулар Назарбаев менен Трамптын кыргыз туусу даана көрүнгөн сүрөтүн жүктөп, «Жолугушуу орду — кооз желек» деп жазышууда. Ошондой эле алар Кыргыз желегинин алдындагы Мирзиёев менен Трамптын сүрөтүндө Өзбекстандын маалымат кызматы желекти өчүрүп койгонун белгилешти. «Өзбекстандын маалымат каражаттары Мирзиёев менен Трамптын түшкөн сүрөтүндө артында турган Кыргыз желегин атайын программа менен алып салган. Ал эми Назарбаев менен Рахмондун басма сөз кызматтары муну ойлонбоптур», — деп жазышат интернет колдонуучулар.