27-июлга карата аба ырайы

 27-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, күн күркүрөшү тоолуу райондорунда гана күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31,

Талас облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36,

Нарын облусунда түнкүсүн 9…16, күндүз 22…29,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…16, күндүз 22…29,

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 29…31 градус болот.