Сүйүнчү! Сүйүнчү пулду алуучулар артууда

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жыл башынан бери балдар төрөлгөндө бир жолку берилүүчү сүйүнчү пулдун көлөмү 155,8 млн.сомду түзгөнүн билдирди.

“Күн сайын арыздарды кабыл алып, акчасын дароо жөнөтүп жатабыз. Арыз берүү үчүн баланын төрөлгөндүгү жөнүндө күбөлүк, эне-атасынын паспорттору, жашаган жеринин дареги жана банкта ачылган эсеби болуусу керек. Бул  документтер  топтолгондон  кийин  почта бөлүмдөрүндөгү маалымат киоскасына, калкты тейлөө борборлоруна же ЗАГСтарга кайрылуулары зарыл”,-деп айтылат маалыматта. Эске сала кетсек бир жолку берилүүчү сүйүнчү пулдун көлөмү 4 миң сомду түзөт.