Кырсыкка учураган учак оңдолбойт экен

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын билдирүүсүнө караганда, Түштүк- Эңилчек тоосунда кырсыкка учураган тик учак оңдоого жатпайт.

Эске сала кетсек, КР Куралдуу күчтөрүнүн аскер-дик тик учагы конуу учурунда Түштүк-Эңилчек тоосунда кырсыкка учурап, 6 адам жабыркаган. Тик учакты алып чыгуу боюнча жүргүзүлгөн экспертиза аны оңдоп-түзөөгө мүмкүн эместиги тууралуу жыйынтыкка келген. Ошону менен бул тик учак Эңилчек тоо сунда түбөлүккө калат окшойт…