Оо-уу ойноп эле жүрүшүптүр

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жарым жылдын жыйынтыгы боюнча 3,9 миллиард сомдук 981 мыйзам бузуу фактысын аныктап чыгышкан.

Маалыматка таянсак, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жарым жылдын ичинде мамлекетке келтирилген экономикалык зыяндын көлөмү 1 млрд. 641 сомго өскөн. Ошол эле учурда 2 млрд. 387,9 млн. сом бюджет каражаты кайтарылган. Ошондой эле 2018-жылдын алты айында 344 салык текшерүүлөрү жүргүзүлүп, анын натыйжасында 2 млрд. 122,4 млн сом салык каражаты чегерилип, бюджетке 1 млрд. 124,5 млн. сом кайтарылган.

Мындан тышкары жыл башынан бери мыйзамсыз кумар ойноо боюнча 27 кылмыш иши козголуп, 28 кумар ойноо жайлары аныкталган.