Боз үйлөр пресс-борборго айланат

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация департаменти, III Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата алты боз үйдү ижарага алууга 540 миң сом жумшалаарын билдирди.

Маалыматта айтылгандай Көчмөндөр оюнунун жүрүшүн чагылдыра турган пресс-борборлор үчүн Кырчын жайлоосуна 6 боз үй тигилмекчи. Бул боз үйлөр ак кийизден көркөмдөлүп жасалган, ичи улуттук салтта шөкөттөлгөн жана туурасы 5 метрден кем эмес болушу керек. Ошондой эле журналисттер иштей турган стол, стулу, тиешелүү жабдуулар, кофе-брейк идиштери болуусу зарыл. Анан дагы үйдүн ээси керектүү жерге өзү алып келип тигип берип, өзү жыйнап кетиши керек.