«Телефонду каттоо үчүн элибиз акча төлөбөйт!»

Уюлдук байланыш телефон номерин 100 сом төлөп каттатуу тууралуу демилге коомдук талкууга коюлду.

Коомду  козутуп, атайылап  каңырыш кабар  таратып  элди дүрбөлөңгө  салгысы келгендерге бул маселе майдай жакты. А түгүл Максим Бакиевдин ар бир телефон чалуу үчүн 60 тыйындан пайда көргүсү келген 10 жыл мурунку жоругун эске салып, элге туура эмес маалыматты кайра – кайра кайталап жатышат.

А чынында телефонду каттатуу үчүн эл бир да тыйын төлөбөйт. 100 сомду сырттан телефон ташып саткандар төлөйт. Бул маселе боюнча Мамлекеттик маалымат технологиясы жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев журналисттер маалымат жыйын өткөрүп, элди каңырыш кепке ишенбөөгө чакырды.

— Пайдаланып жүргөн мобилдик телефондорду каттоо акысыз жана автоматтык режимде жүзөгө ашат. Ал үчүн адамдар ары-бери чуркап убара да болушпайт. Бир да тыйын төлөшпөйт. Уюлдук байланыш каражаттарын каттоо – Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган, “Электрондук жана почта байланышы жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлөт. Бирок кимдир бирөөлөр өзүнүн мурда катталган номерин же операторун алмаштыргысы келсе же ата-энесине, балдарына бере турган болсо, ал номерди аларга каттатып, бул үчүн кошумча 100 сом төлөөгө туура келет. Уюлдук телефондорду каттоо өлкөбүз үчүн өтө маанилүү иш. Телефондорду каттоо менен биз телефон ууруларынан элибизди коргоп, аткезчилик жол менен ташылып жаткандарга бөгөт коюп, заводдуку деп элдин башын айландырган жасалма телефондорду аныктай алабыз. Ошондой эле санариптик кызмат көрсөтүүлөр үчүн бул иш баштапкы пайдубал болуп бермекчи.