Кырчын жайлоосу жарыктандырылат

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда Ысык-Көл облусундагы “Кырчын” жайлоосу кубаты 110 кВ сааттык “Григорьевка” көмөкчү чордону аркылуу электр менен камсыз кылынат. Бул тууралуу «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ААКтын басма сөз кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаева билдирди.

Иш-чараларды электр менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатын-да “КУЭТ” ААКнын Ысык-Көл филиалы “Григорьевка” көмөкчү  чордонун  реконструкциялоо, эскирген сыртта орнотулуучу комплектелген бөлүштүрүүчү түзүлүштү алмаштыруу жана кошумча трансформаторду орнотуу үчүн бир катар иштерди жасап жатат. Ысык-Көл облусундагы «Ананьево» көмөкчү чордонунан да резервдеги электр энергиясы “Кыр-чын” жайлоосуна бөлүнөт.

Дүйнөлүк  көчмөндөр  оюн-дары  өткөрүлүп  жаткан  кезде Улуттук электр тармагынын адистери күнү-түнү кезметке турушат. Электр тармактарын ыкчам тейлөө үчүн 110 кВ саттык «Чолпон-Ата» көмөкчү чордону да кошумча пайдаланылат.

Ошондой эле, учурда “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААК Ысык-Көл облусундагы жогорку чыңалуудагы көмөкчү чордондордогу 17 эски өчүргүчтү жана май менен иштеген 110 кВ трансформаторду жаңысы менен алмаштырып жатат. Мындан тышкары «Пржевальская» жана «До-линка» көмөкчү чордондорундагы жабдуулар да жаңыланууда.