Кадрдык ротация башталды. Ысык-Көлдүн башчысы Ошко барды

Президент Сооронбай Жээнбеков өткөн жумада кадрларды региондор арасында ротациялоо салтын кадр саясатына киргизүүгө убакыт келгенин айткан.

«Биз ушул салтты жандандырышыбыз керек. Бул саясат кадрларды адистик жактан гана такшалтпай, региондор ортосундагы байланышты да бекемдейт. Бир региондон чыккан адис башка регионго барып, тамыр жайып, дос-тааныш, куда-сөөк күтөт, бул региондор ортосундагы ажырымды жакындатууга түрткү болот” деген Президенттин дал ушул демилгесинин арты менен 25-июль күнү Ысык-Көл облусунун башчысы, Ананьево айылынын кулуну Узарбек Жылкыбаев Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Көп жылдан бери унутта калган мындай ротациялык саясат азыркы учурда абдан керек болуп турат. Эл дагы өлкө башчынын бул аракетин кызуу колдоого алууда.