Курманбек МАМБЕТОВ, «Объектив» гезитинин башкы редактору: «Кадрларды ротациялоо зарылдыгы эбак бышып жетилген»

 

Узарбек Жылкыбаевдин Ош облусуна Өкмөттүн өкүлү болуп дайындалышы жакында Президент Сооронбай Жээнбеков айткан кадрларды ротациялоо сая сатын ишке ашыруунун алгачкы кадамы болуп калды. Кадр тандоо, дайындоо маселелери дайыма коомчулуктун көңүл борборунда, анын себеби да түшүнүктүү. Борбордо болобу, аймактарда болобу – иштин жылышы, ийгилиги тиешелүү тармактарды, участокторду жетектеген адамдарга көп жагынан көз каранды. Кесипкөй, тажрыйбалуу уюшту-руучулар болгон жерде маселе-көйгөйлөр убагында чечилет, өнүгүү болот. Ал эми жетекчи кадрлардын ар кандай аймактарга белгилүү убактарда которулуп турушу аймакка жаңы келген башчы үчүн ошол жердеги абалга жаңыча кароого, баа берүүгө, иш билги жергиликтүү кадр ларды туугандыгына, тааныштыгына карабай кызматка алууга, өстүрүүгө, же жетекчилердин катарынан адистик, уюштуруучулук жөндөмү жокторду тазалоого мүмкүнчүлүк берет.

Кадрларды ротациялоо ыкмасы советтик доордо кеңири колдонулганын баарыбыз билебиз. Эмгек жолун жөнөкөй адистиктен баштап, өлкөнүн көп аймактарында иштеп, тажрыйба топтоп, жетишкен ийгиликтери үчүн кадыр-баркка ээ болуп, республикалык деңгээлдеги жетекчилердин катарына кошулган Султан Ибраимов, Абсамат Масалиев, Корчубек Акназаров, Жумгалбек Аманбаев, Насирдин Исановдун ысымдары эл арасында дайыма айтылып келет. Мына ошол үчүн Президент Сооронбай Жээнбековдун жетекчилерди аймактар арасында которо баштаганы коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынууда. Жетекчилердин буга чейин болуп келгендей өздөрү туулуп-өскөн жерде эмес, башка аймактарда иштеши күнүмдүк көп маселелерди адилеттүү, акыйкат чечүүгө шарт түзөөрүн көрүп эле жүрөбүз. Бул, албетте, туура демилге. Ошентсе да жетекчилер менен иштөө ротация менен чектелбешин каалайм. Кыргызстанда кадр саясатын, менин оюмча, түп-тамырынан карап чыгуу зарылдыгы эбак бышып жетилген. Бардык майда-чүйдө, чоң-кичине кызматтарды айтпаганда да, райондорду, облустарды, тармактарды башкарууга дайындалып жаткан адамдардын кандай талаптар менен тандалганы көп убактарда эл үчүн табышмак. Эгер айылдын деңгээлинде иштеп көрбөсө, айылдын масштабында маселелерди чечүү боюнча тажрыйбасы жок болсо, эл менен, адистер менен иштөө ыкмаларын өздөштүрбөсө, ал киши кантип районду башкара алат? Албетте, окуу жайды жаңы бүтсө да, китепти көп окуп алып, акылдуу, кооз сөздөрдү, лозунгдарды жаттап алып, дароо эле укмуш жетекчи болууга жөндөмдүү вундеркинддер бардыр, бирок районду, облусту, тармакты даярдыгы, жөндөмү бар-жогу белгисиз адамдарга бере салып, эксперимент кылуунун өзү туурабы?