30-июлга карата аба ырайы

30-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34,

Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31,

Ошто, Жалал-Абадда 15…20, күндүз 30…35,

Баткенде түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28,

Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28 градус болот.

Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 32…34 градуска жетет.