Унаада шымы жок уктаган тартип сакчы иштен алынды

Активист Болот Ибрагимов социалдык түйүндөгү баракчасына унаада укук коргоо органдарынын формасын кийген эркек адам шымы жок жаткан учурдагы видеону жарыялаган. Кийинчерээк ИИМ ички иликтөө кызматы кызматтык териштирүүнү баштаганын билдирген.

Бул иш боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөлөрдөн кийин аталган кызматкерге чара көрүлүп, иштен айдалган.