Бал менен байысак болот

Кыргызстандын балынын атагы алыска угула баштаган учуру. Мунун артында эбегейсиз изденүү, эмгек жана билим керек болгону айтпаса да белгилүү. Бизде өндүрүлгөн бал дүйнө аарычыларынын жолугушууларында бир нече жолу мыкты деп табылган. Келечекте кыргыз балын дүйнөнүн бир катар өкөлөрүнө ири көлөмдо эксорттоого толук мүмкүн. Маселен 2014 жылы — Кытайга 164, Россияга — 86, Казакстанга — 43 жана Сауд Аравиясына — 17 тонна бал экспорттолгон. Бирок, бул тармак жеткиликтүү деңгээлде колго алынбай келе жатканын дагы белгилей кеткенибиз туура болот.

Балды дүйнөлүк бренд кылсак…

Кыргызстанда жылына 10-12 миң тонна бал өндүрүлөт. Өлкөнүн бардык облустарында жылына эки-үч ирет бал алуу мүмкүнчүлүгү бар. 2017-жылы “Аймактарды өнүктүрүүдө ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн рыногундагы жаңы мүмкүндүктөр” аталышындагы практикалык конференция өтүп, анда кыргыз балы жылына алты миллиард сомдон ашык киреше алып келет. Ошондуктан кыргыз өкмөтү аталган тармакты өнүктүрүүгө өбөлгө жарата турганы айтылган эле. Бирок, мындай мүмкүнчүлүк болгону менен эмнегедир ишке ашырылбай келет. Анткен менен Кыргызстандын балы акыркы бир нече жылданбери эл аралык азык-түлүк көргөзмөлөрүндө алдыңкы орундарды ээлеп келген. Мисалы,  2013-жылы  Киевде  өткөн  эл  аралык көргөзмөдө кыргызстандык балчылардын балы 146 мамлекеттин сапаты эң жогору деп табылган. Ал эми 2014-жылы Түркияда алтын медалга ээ болгон. 2015-жылы Түштүк Кореяда да Кыргызстандын балы сапаты мыкты  бал  деп  таанылып,  алтын  медаль алган.

Санын өстүрүп, мамлекетке пайда алып келүү азырынча мүмкүн эместей. Дүйнөнүн 20дай  өлкөсүнө  биздин  бал  экспорттолгону менен канча өлкөнүн базарына чыга албай келебиз. Ошондуктан сандан сапатка өтүү ыңгайлуу болот. Мисалы, Испания, Түркия мандарини менен дүйнөлүк базарларды  сапаттуу  жана  кымбат  продукция менен камсыздап келет. Алардын товары бренд болуп калды. Ошондуктан Кыргызстандын  экологиялык  жактан  таза,  сапаты мыкты деп таанылган балын дүйнөлүк бренд  кылып,  пайда  табуу  мүмкүндүгүн карасак.

Эспарцет гүлү балга жакшы

Кыргызстанда «Тоо балы», «Жайыт балы» жана эспарцет гүлүнөн чогултулган бал деген түрү бар. Нарын облусунун Ак-Талаа районунунда дал ушул эспарцет гүлүнөн чогултулган бал иштетилүүдө. Ал жакка атайын барып, бал иштетүү жолдорун ишкерлерге үйрөтүп жаткан Виктор Смирнов баарлашканыбызда Ак-Талаанын балы тууралуу кеп салып берди.

– Мындан 3 жыл мурун Ыссык-Көлдөн бир кыргыз бала менен таанышкам. Өзүм 30 жылдан бери аары багып келатканыма байланыштуу мени «устат катары бал бакканды үйрөтүңүз» деген сунуш киргизишти. 2016-жылы апрелде көрүү үчүн Баетовго келдик. Дароо эле жактырып отурукташууну чечтик. Мына ошондон бери кудайга шүгүр иштешип жатабыз. Биз көптөгөн ярмаркаларга катыштык Ак-Талаанын балы аябай суроо менен пайдаланылат, – дейт ал.

Баетов  айылы  Ак-Талаа  районунун борбору. Жергиликтүү калк негизинен мал чарбачылыгы  менен  тирилик  кылышат. Ошентсе дагы балык-чарба, жер айдоого да жеткиликтүү маани берилет. Ал эми бал жаатында Валентин Смирнов бул аймакта сапатуу бал алуу үчүн кадимки “эспарцеттин” гүлүн колдонуша турганын айтат. Баетовдо  эспарцеттин  гүлү  түшкөндөн кийин Ак-Талаанын түпкү айылдарынын бири Кош-Дөбөгө көчүп кетишет. Казарман району менен чектешкен бул айылда балды Казармандын Макмал айылынан алып колдонушчу экен. Эми жергиликтүү эл Ак-Талаанын балын алып, малга алмашкан күндөрү да болот.

“Балдын иштелиши үчүн эң башкысы аарыларга жумуш таап бериш керек. Кыштын күнү аарыларды үйгө киргизип коем”, – деп аарыларга аяр мамиле жасоо керек экенин билдирет Смирнов.

Анын айтымында бал бизнесин баштоо үчүн алгач билим алуу керек. Ар кайсы жактардан тажрыйба топтоп, иш баштаса, башталган иш жемишин бербей койбойт. Ал эми аарыларды ар кандай ярмаркалардан же Бишкектеги аары баккандардан коомунан алса болот.