Уланбектин иши унутулбайт

Нарныкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


 “Карагай ыйлап тал ыйлап, калайыктын баары ыйлагандай” эле кайгылуу иш болду. Ата мекендик журналистика өтө оор жоготууга учурады. “Азаттык” радиосунун 28 жаштагы кабарчысы Уланбек Эгизбаевди шум ажал күтүүсүз алып кетти. Анын “Бажыдагы уурулук”, “Музейдеги миллиондор”, “Мансаптуулардын жер бизнеси”, “Темир жолдогу жемкорлук” ж.б. материалдары мамлекеттин казынасын тоногондорду тынбай көзгө сайып көргөзүп турчу. Кайран жигит, бир ай мурда чыгаан публицист калемгер Кален Сыдыкованын 60 жылдыгына карата уюштурулган “Календин алтын калеми” сыйлыгын эң алгачкы болуп, Кален эженин өз колунан алганына күбө болгонбуз. Анда да сыйлык Уландын коррупцияга карата аёсуз жүргүзгөн күрөшү үчүн деп берилген болчу.

Бюджеттен  кыйгап  өтүп жаткан коррупциялык каражаттар коомчулуктун кыжырын шакардай  кайнатып  жатканын Уландын  өлүмү  ого  бетер  ачыктап салды. Улуттук статкомитеттин маалыматына таянсак көмүскө экономика 23,3 пайыз болуп жатыптыр. Бирок, эксперттер анын көлөмүн  40-50  пайызга  жакындатып жүрүшөт. Эл ырыскысына кол салгандардын жоон тобу камалып, айрымдары качып кетишти. Коррупциялык кылмыштуу топтордун колунда акча да, адамды жок кылып коюучу каражаттар да жетиштүү. Уланга телефондон коркутуулар, бош конверттер бекеринен келбегендир. Ушундай кооптуу чоң күчкө бир каргадай бала оттон-суудан коркпой каршы туруп жаткан. Бирок, кырсык болуп, ажал келсе ага баш ийбеске арга жок экен. Ошондой болсо да анын көлгө  чөгүп  кетишине  катышы бар күчтөр болушу ыктымалдыгы боюнча соцтармактарда айрым пи-кирлер айтылып жатат. Маркум-дун жакындарынын талабы менен анын сөөгү Чолпон-Атадан Бишкекке жеткирилген болчу. Сөөктү ачып экспертизадан өткөрүүгө катышкан “Азаттыктын” журналисти Токтосун Шамбетов Уландын бутунан  такты  көргөнүн, аны  милициянын  прото-колуна  коштурганы  маалым болду. Мунун жыйынтыгы  азырынча  чыгарыла элек.

“Кабар”  маалымат агенттигинин  директору К.Табалдиев:  “Журналисттер  интернеттеги  социалдык түйүндөрдө өзүнүн кылган иштерин, барган жерлерин жарыялоосу анын жеке коопсуздугуна терс таасир этет. Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнөн кийин өзгөчө иликтөө жаатында эмгектенген кесиптештерибиз өзүнүн социалдык  медиадагы  активдүүлүгүн өтө  кылдат  талдашы  керектигин  көрдүк”,  –  дейт.  Улан  эмгек өргүүсүнө барып келгенден кийин кен  байлыктарды  иштетүүдөгү кыңыр иштерди иликтемек экен. Андан тышкары, кыз ала качуунун курмандыгына айланган Бурулайдын тегерегиндеги кылмыш иши коомчулук күткөндөй иликтенбей жаткандыктан, аны казып чыгарын досторунун бирине айтып берген.

Улан  аз  жашаса  да  кыргыз  журналистикасына  опол тоодой эмгек кылып кеткени ушул күндөрү коомчулуктун  мамилесинен ачык  билинди.  Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Уландын жакындарына көңүл айтышты.  23-июлдагы  “Азаттык” радиосунда өткөн Уланды эскерүү иш-чарасында журналисттер журтчулугу, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар, түрдүү көз караштагы саясатчылар  барды.  “Азаттыктын” жетекчиси Айзада Касымалиева: “Чарчадым,  эс  алып  келейинчи деп суранганынан уруксат бергенбиз. Уландын чындык үчүн чыркыраган идеялары ташкындап турчу. Ал эмнегедир материалдарын үлгүрбөй калчудай шашып ыкчам иштечү. Биз ага “жалындай бербей аярласаң боло” деп, айтканыбызга карачу эмес. Абдан мекенчил болчу. Бир аз күндөн кийин эмгек өргүүсүнө чыкмак. Бул каргашалуу сапарды жүрөгүм сезип билгенде жибербей коймокмун”, – деп, көзүнүн жашын тыя албай сүйлөп турду. Ал эми “Азаттыктын” мурдагы жетекчиси Султан Каназаровго сөз берилгени менен муңканган ыйдан эки-үч гана кеп менен эскерүүгө жарады… Кыргыздын чыгаан уулун көз жашсыз эскерүү кыйын болуп жатты. Уланбек каза болордон бир аз мурда Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков менен сүйлөшүптүр. “Уланбек менен акыр-кы жолугушуп, бетме-бет сүйлөшүп отурган мен жана менин үй-бүлөм болуш керек. Эки күн мурда кезигип, жакырчылык, социалдык көйгөйлөр, коррупция тууралуу сүйлөшкөн болчубуз. Улан мага Кыргызстандын кайсы жеринде кандай коррупция бар экенин изилдегенин, изилдөөнүн натыйжасында эмнелерди тапканын айтты. Өзгөчө бүгүнкү күндө жемкорлуктун символу ким экенин, аны жоготмоюнча Кыргызстанда коррупциянын түбү кыркылбастыгын айтып берген”, – дейт депутат.

Ошол эле күнү Ош шаарындагы журналисттер аллеясында  Улан  Эгизбаевди  эскерүү   иш  чарасы өткөрүлдү. Ал эми 24-июль күнү Баткенде аны эскерүү жыйынына облустун жетекчилиги кошо катышып, иликтөөчү  кабарчылар үчүн “Уландын мектебин” ачуу сунуштары айтылды. Кыргыздын чыгаан журналистинин каза болгону чет мамлекеттердеги  мекендештерди да кайдыгер калтырган жок. Америкадагы  мекендештерибиз Уландын үй-бүлөсүн колдоо үчүн каражат чогултууга киришишти. “Уландын өлүмү көпчүлүктү болуп көрбөгөндөй муңга бөлөдү. Баатырын барктабаган эл алсыз. Келгиле, артында калган жубайынын, тукумун улантып дүйнөгө жакында келе турган баласынын жана ата энесинин кайгысын тең бөлүшүп кол кабыш кылалы. Уландын иштерин улантууга бел байлайлы”, – деп жазылган алардын интернеттеги кайрылуусунда. Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева көз жашына буулугуп жатып: “Улантайыбыз кыргыз журналистикасына периштедей болуп бир келип, кайра учуп кетти. Артында кош бойлуу келинчеги калды. Эми анын жарык дүйнөгө келе турган туягы аман-эсен төрөлүп, чоңоюп өсүшүнө кам көрүлүшү керек”, – деди. Уланды эскерүүгө баргандарыбыз “Азаттыктын” эмгек жамаатына көңүл айттык. Айрым кесиптештерибиз коррупцияга каршы күрөшчүл материал даярдаган жаш журналисттердин арасында “Уланбек Эгизбаев” атындагы сыйлык уюштуруу демилгесин  көтөрүштү.  Айтор, сунушпикирлер дагы көп…

Экс-президент  Роза Отунбаева  иликтөө  журналистикасынын  фондун түзүүнү  сунуштап,  ага өзүнүн пенсиясынан чогулткан 1 млн. сомун алгачкы каражат катары берүүгө даяр экендигин соцтармактарга айтып чыкты. Ал эми белгилүү окумуштуу Сулайман Кайыпов чыгаан журналисттердин “Улан” тобун түзүүгө  чакырды.  “Азаттык” радиосу Уландын туулуп өскөн айылындагы Көк-Жар мектебинин мыкты дил баян жазган бүтүрүүчүсүнө жыл сайын 500 доллардан стипендия  берип  турууну көздөп жатат.

Фейсбуктун активдүү  колдонуучуларынын  бири  Улан  чөгүп кеткен “Акун” пансионатынын ээси, Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбековго кайрылып, кырсыктуу  жээктеги  видеого жазылып калган окуяларды  өчүртпөй  сактап туруу талабы менен чыккан болчу. Эки күн  өткөндөн  кийин Ч.Турсунбеков  болсо Улан чөгүп бара жаткан убакта ал жерде белгисиз  караандар  жүргөнүн  билдирди.  Коомчулукту  бүдөмүк  ойго  калтырбай,  ошол “белгисиз  караандар” кимдер  болгонун  укук коргоо  органдары  тезинен иликтеп чыгышы керек.