Адам тагдыры чечилген жерде эптемейге жол берилүүгө тийиш эмес

Отуз жылдан ашкан журналисттик практикамда канчалык тажрыйба топтосо да, өз ишине кайдыгер мамиле жасап, өзүнөн кийин редактор же редактордун орун басары оңдоп кое турганына ишенип көнгөн айрым кесиптештеримди кезиктирип жүрөм. Андайлар материалдарындагы кемчиликтерди, так эместиктерди, катачылыктарды оңдоп коюунун ордуна, материалдарды кийин караган жогоруда аталгандарга биротоло “таянып” алышат. Тилекке каршы, дайыма укук темасына материалдарды жазып жүрүп, биздеги тергөө органдарынын кызматкерлери да кылмыш иштерин тергөөдө “сот өзү териштирип алат” деген шалаакы мамиле жасай турганын билдим. А биринчи инстанциядагы соттордун айрым судьялары ал “салтты” улантып, “мыйзамсыз болсо деле мейли, кийинки инстанциядагы соттор оңдоп коюшат” деп ишенип, эптеп иштен “кутулуу” үчүн чечим кабыл алып жатышкандай. Төмөндө биз сөз кылчу кылмыш иши боюнча тергөөчүлөрдүн жана Ысык-Ата райондук сотунун судьясы А.Акымбекованын жоругун башкача кантип түшүндүрүүгө болот?

Качпай эле жүргөн жаранды таба алышпаганбы?

14.07.2014-ж. Кант шаарында пакистандык үч жаран жергиликтүү үч жаран тарабынан тонолгон. Кийин ал кылмышка күнөөлүү катарында Мелисбек Исмаилов менен Ырыскелди Соодалиев айыпталышып, Ысык-Ата райондук соту тарабынан соттолушкан. А үчүнчү кылмышкер катары шектелген Руслан Муратбеков табылбаган делип, ага карата кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, ага издөө жарыяланган.

Кызыгы ал учурда Р.Муратбеков үйүндө эле жашап жана Бишкектеги Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура мамлекеттик университетинин  дистанттык  билим  берүү борборунда окуусун улантып, сессияларын тапшырып жүргөн. Натыйжада 25.06.2016-ж. диплом да алган.

Баса, Р.Муратбековдун апасы Татьяна Муратбекова 13.09.2011-ж. телефон аркылуу алдын-ала тергөө органына бир жолу чакырылып, андан кийин 2013-жылдын жазына чейин аны эч ким сураган да эмес.

18.02.2013-ж.  Р.Муратбековго  карата кылмыш ишин убактылуу токтотуу жөнүндө токтом Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан алынып салынгандан кийин Ысык-Ата РИИБсынын тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери чыныгы кылмышкерди аныктоо боюнча өздөрүнүн аракетсиздигин актоо үчүн үстүрт иликтөө жүргүзө коюшуп, Р.Муратбековду айыптоо менен кылмыш ишин 13.05.2013-ж. райондук прокуратурага жөнөтүшкөн.

15.05.2013-ж.  райондун  прокурору Р.Альчиев тергөө ишинен толгон кемчиликтерди көрсөтүү менен аны кошумча иликтөөгө кайра жөнөткөн. Атап айтканда, анда райондун прокурору тарабынан бул ишти тергеген тергөөчүлөр Ж.Кемелова, И.Абдинасиров жана К.Курманалиев тарабынан КР Жазык-процесстик кодексинин 11 беренеси (!) бузулгандыгы көрсөтүлгөн.

Тергөө кайрадан К.Курманалиевге берилген.  Ал  жазаларын  өтөп  жатышкан Ы.Соодалиев менен М.Исмаиловго барып көрсөтмө алганда, алар үчүнчү кылмышкер өздөрү жакшы таанышпаган башка Руслан аттуу улан болгондугун көрсөтүшкөн. Ушундан улам кылмыш иши кайра токтотулган.

2014-ж. февралында иш Чүй ОИИБсынын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Э.Тоялиевге тапшырылган. Ал да жогоруда аталган кылмышкерлерди суракка алгандан кийин айыпталуучу катарында тартылууга жаткан адам аныкталбагандыгына байланыштуу (КРнын ЖПКсынын 221-бер. 3-п.) ишти токтото туруу чечимин чыгарган жана аны кайрадан Ысык-Ата РИИБсына жөнөткөн.

Иш ал жерде дагы бир жарым жыл жаткан.

Орто жолдон “шылтоо” табылып калбаспы…

Ал  ортодо  Р.Муратбековго  карата 2015-ж. КР Кылмыш-жаза кодексинин 112-бер. каралган кылмыш белгиси (кыска мөөнөттүү бузулууга алып келген саламаттыкка жеңил зыян келтирүү) боюнча кылмыш иши козголот. Дароо айта кетсек, кийин ал иш райондук сот тарабынан тараптардын жара-шуусунан улам токтотулган.

Бирок, тергөөчүлөр Р.Муратбеков боюнча мурдагы ишти тергөө боюнча кемчиликтерди четтетүүнүн ордуна, шылтоо табылып калып, бул ишти бириктирүү менен макаланын башында айтылгандай, “сот өзү териштирип  алат”  деп,  эптеп  өздөрүнүн башынан  куткаруу  үчүн  сотко  жөнөтүп жиберишкен.

Анда кандай кемчиликтер бар?

– Биринчиден, алгач текшерүү жана тергөө убагында жашы жете элек Р.Муратбековго каршы көрсөтмө берүүсү үчүн М.Исмаиловго моралдык жана дене бойлук кысымдар көрсөтүлгөн, – дейт бул иш боюнча адвокат Данияр Мейманбаев. – Анын атынан протоколдорду түзүшүп, ага кол койдурушкан, айрым протоколдорду тааныштырбастан эле кол койдурушкан. Мисалы, таануу

протоколунда калыстарды катыштырбастан эле, үч башка сүрөттү көрсөтүшүп, тааныды кылышкан. А калыстар катары жазылышкан жарандар Денис Криворучко менен Ольга Скрипко кийин, сот отурумунда таанууга катышышпаганын айтып чыгышкан.

Экинчиден, Ы.Соодалиев көрсөтмө бергенде катышкан делген калыстар Талант Алчинбаев менен Анатолий Гагарин РИИБга башка иштер менен барып калышкандар экен. Ошол учурда Т.Алчинбаевдин баласы зордуктоого шектелип жатса, А.Гагарин адам өлтүрүүгө шектелип жаткан.

Баса сотто Т.Алчинбаев 2016-жылы анын үйүнө И.Абдинасиров менен дагы бир милиция кызматкери келишип, иш боюнча суракка алышканын көрсөткөн. Кылмыш иши ал учурда тергөөчү Э.Мурзакановдо болсо, И.Абдинасировдун кызыкчылыгы эмнеде? Албетте, ал калысты сотто өздөрүнө керектүү жалган көрсөтмө беришине көндүрүүдө болуп жатпайбы!

Үчүнчүдөн, таануу протоколунун биринде Айжан Дамир кызынын көрсөтмөсү бар (кийин ал кызганычтан улам өлтүрүлгөн). Ал пакистандык жарандар менен достук мамиледе болгон, ошондуктан андай көрсөтмө берүүгө кызыкдар болгон. Анын айтуусу боюнча, Р.Муратбеков ага телефон чалып, пакистандыктардын жашаган жери боюнча кызыккан. Бирок, муну уюлдук байланыш боюнча текшерүү аркылуу оңой далилдөөгө болсо да, тергөөчүлөр аны жасашкан эмес. А иш жүзүндө бул учурда Р.Муратбеков Кант шаарында жок болгон. Ал экөөсү беттештирилген да эмес.

Төртүнчүдөн, жабыркаган пакистандык жарандар менен соттолуучу Р.Муратбековдун ортосунда таанытуу жүргүзүлбөгөн. А таанытуу учурунда ар башка кийинген, ар башка курактагы үч адамдын сүрөтү көрсөтүлгөн. Мыйзамда мындайга жол берилбейт. калыстар катарында Жалил Калилов жана Элдияр Малаев катыштырылганы көрсөтүлгөн. Бирок, Э.Малаев түшүнүк катында катышпаганын жана проотоколдогу кол аныкы эместигин айткан. Атүгүл, ага И.Абдынасиров менен И.Мурзаканов келишип, 2011-жылы бир кыз менен кошо таанытууда ал атчан турган жигитти тааныганы жөнүндө жалган көрсөтмө берип коюусун суранышкан. Иш жүзүндө ал жана Ж.Калиев да болбогонун  айткан.  Протоколдогу  колдор  да алардыкы  эмес  экени  даана  эле  көрүнүп турат.

Бешинчиден, иш боюнча күбө Б.Акматов 14.07.2011-жылы  Р.Муратбеков  Нарында анын үйүндө конокто болгонун көрсөткөн. Бул күндү эстеп калганынын себеби катары 15-июль – анын, 16-июль Р.Муратбековдун атасынын туулган күндөрү экенин келтирген. Бул көрсөтмө да тергөө жана сот учурунда иликтенбеген.

Судья А.Акымбекова “өлгөндүн жазасы – көмгөн” дегенде…

Кылмыш  ишин  тергөөдөгү  мына ушундай  кемчиликтерге  карабастан, Ысык-Ата райондук сотунун судьясы А.Акымбекова ишти тыкан карап, соттук териштирүү жүргүзүүнүн ордуна, “кийинки соттук инстанциялар териштирип алсын” деп, 28.12.2017-ж. КР КЖКсынын 168-бер. 4-бөл. 3-п. каралган кылмышты жасаганга айыптуу деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарып жиберет.

Мына ушундай мыйзамсыздыктарга жол берүү менен чыгарылган өкүмдү Чүй облустук сотунун соттук коллегиясы (төрагалык кылуучу А.Жумагулов, мүчөлөрү У.Садырбеков жана Т.Умуркулов) 03.05.2018-ж. аныктамасы менен алып салып, кылмыш ишин ошол эле сотко жаңы курамда кароого жөнөтүү чечимин чыгарат.

Жогорку сот кайсы чечимди колдойт?

Иш азыр Жогорку сотко келип түштү. Эми анын жыйынтыгы кандай судьяларга туш келгендигине жараша болот. Бирок, адам тагдыры чечилип жаткан иште кайдыгер мамилеге жол берүү туура эмес. Ошондуктан кантсе да бул соттук иштерде акыркы чекитти коюу ыйгарымы берилген судьялар өз квалификациясына жана статусуна жараша мыйзамдуулукту жакташат деп ишенип туралы…