ДКО: Анжелина Жоли, Леонардо Ди Каприо жана Жеки Чанды чакырылды

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөлүк жылдыздар Анжелина Жоли, Леонардо Ди Каприо жана Жеки Чанды чакырышты. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Жеки Чан ЮНИСЕФ тарабынан чакырылган келе албай тургандыгын айткан. Ал эми Анжелина Жоли жана Леонардо Ди Каприо Кыргызстандын өкмөтүнүн аппараты тарабынан чакырылган. Актёрлор жоопторун берише элек.