Өспүрүм 6 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө

Ысык-Көл облусунда өспүрүм 6 жаштагы кызды зордуктаганга шектелүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалымтатарга караганда, 28-июлда болжол менен саат 19:40 чамасында Жети-Өгүз РИИБге 2002-жылы туулган Ш.И өзүнүн айылдашы 2012-жылы туулган кызды зордуктагандыгы боюнча маалымат түшкөн.

«Окуя болгон жерге оперативдүү-тергөө тобу барып, кылмыш саат 14:30 жана 15:00 убактысы аралыгында болгондугун аныкташкан. Бул убакта 6 жаштагы кыз көчөдө ойноп жаткан, ал эми шектүү өспүрүм кызды алдоо жолу менен үйүнө алып барып, андан кийин күч колдонуп зордуктаган. Тинтүү учурунда өспүрүмдүн бөлмөсүнөн кыздын кийимдери табылган. Ал эми Жети-Өгүз райондук оорукананын дарыгерлери кызды текшерип, анын кыздык белгиси жабыркаганын аныкташкан. Кыз ооруканага жаткырылган», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча экспертизалар жүргүзүлөт. “Жашы жете элек кызды зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иши уланууда.