Лаура ХЕМИЛТОН: «Кыргыздардай меймандос элди,гүл каптаган ажайып тоолорду көргөн эмесмин»

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»


Шотландиянын Глазго шаарынан келген искусство таануучу Лаура Хемилтон айым буга чейинки Кыргызстанга болгон сапарында улуттук буюмдардын Ат-Башыдагы көргөзмөсүнө катышып, шырдак сатып алып, аны өз үйүндө салып койгонун кубануу менен көрсөттү. Бу сапар Кыргызстанга англис тилине которулган кенже эпосторду редакциялоо максатында келген. Ал англис тилиндеги кенже эпосторду редакциялоо аркылуу кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана адабияты менен жакындан таанышкан. Кыргыздар тууралуу эрки күчтүү, кайратман эл экендигин эпостордогу каармандардан улам билдим дейт. Лаура айым өз сөзүндө буга чейин 2011-жылы да Кыргызстанга келип, абдан жагымдуу маанайда кеткендигин, анын бу сапары акыркысы эместигине жана кыргыздар тарыхый кенже эпосторун англис тилинде басып чыгаруу менен дүйнөгө тааныла тургандыгына токтолду. Анын айтымында Шотландияда Кыргызстан деген өлкө бар экенин билбегендер да бар. Бирок, анын баамында шотландиялыктар менен кыргыздардын маданиятынын ортосунда окшоштуктар өтө эле көп.

–  Лаура  айым,  алгач  өзүңүз-дү окурмандарга тааныштырып, Кыргызстанга болгон сапарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

–  Шотландиядагы  “Ыйык  Эндрю” университетинин Искусство факультетин бүтүргөм. 30 жыл бою Глазго шаарындагы сүрөт галереясында директор болуп иштедим. Биринчи жолу Кыргызстанга 2011-жылы Динара Көчкөмбаеванын чакыруусу менен келгем. Нарын шаарында, Ат-Башы районунда жана Ысык-Көлдө болдум. Ат-Башыда улуттук буюмдардын көргөзмөсүнөн шырдак жана башка кийизден жасалган буюмдарды сатып алып, мекенимде көргөзмө уюштуруп, кыргыздар туурасында айтып бердим. Кийиз жасоо боюнча доктор Стефани деген менин кесиптешим абдан кызыкты. Ал кийиз жасоо боюнча эмгектерди да жазып жүрөт. Ат-Башыдагы кийизден жасалган шырдак-тардын оюлары мага абдан жакты.

Мен  Кыргызстанга  келген  алгачкы сапарымда алып кеткен буюмдардын көргөзмөсү отландияда абдан кызыгуу менен өткөн. Алып барган буюмдардын бардыгын сатканбыз. Көргөзмө учурунда көптөгөн кыргыз кыздар менен жолугушуп, жыйын өткөрдүк. Ошондо эле кыргыз маданиятына кызыгуум жаралган.

– Эки элдин маданиятында ок-шоштук бар бекен, байкай алдыңызбы?

– Кыргыз эли менен шотландиялыктардын маданиятынын ортосунда көптөгөн окшоштуктар бар экендигин байкадым. Биз тоолуу аймакта жашайбыз, силер да тоолуу аймакта жашайт экенсиңер. Биз табиятты сактап, барктайбыз, кыргыз эли да жаратылышын сактап, барктай билет экен. Биздин койлорубуз аябай көп, силерде да койлор көп экен. Колго жасалган буюмдардын көбү жүндөн жасалып, андан кийимдер да токулат экен. Бизде жүндөн жип жаса-шат. А силерде жүндөн жасалган жиптен түрдүү буюмдарды колго жасашат экен. Көргөзмөгө 12 сүрөтчү келген. Алардын сүрөттөрүн жактырышып, баарын сатып алышкан. Ошол мезгилден тартып менин кыргыз маданиятына болгон кызыгуум артып, андан да тереңирээк билгим келе баштаган.

– Англис тилиндеги кыргыздын кенже эпосторун кандайча редакциялап калдыңыз?

–  2011-жылкы  көргөзмөнү  уюштурууда  Евразиялык  “Gildia”  уюмундагы өзбекстандык басмакананын директору Марат Ахмеджанов абдан колдоо көрсөттү. Алгач Марат Ахмеджанов мага англис тилиндеги Казат Акматовдун китебин редакциялоого берген. Андан кийин Орто Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин 20дан ашык китептерин редакциялап чыктым. Анын ичинде кыргыз жазуучуларыныкы да бар. Үч жыл мурда “Gildia” уюмунун Казакстанда жыйыны болгон. Ал жыйынга Кыргызстандын делегациясы да барган. Ал делегацияда Болот Шамшиев, Зина Караева жана башкалар болгон. Ошондо Зина айым менен таанышып калгам. Мен буга чейин прозаларды редакциялап келгем. Бирок, Зина айым менен жакындан таанышкандан кийин мага кыргыздын кенже эпосто-рун сунуш кылышып, аларды редакциялап баштадым. Англис тилине которулган “Олжобай менен Кишимжан”, “Кыз Сайкал”, “Ак мөөр” чыгармалары редакцияланып бүтүп, “Кыргыз тил” коому тарабынан жарыкка чыгып жатат. “Курманжан Датка” чыгармасын “Аят” басмаканасынан Су-тан Раев чыгарып жатат. Ал эми “Жаныш-Байыш”,  “Курманбек”  кичи  эпосторун редакциялоодомун.

– Чыгармаларды окуу менен кыргыздар тууралуу түшүнүк алсаңыз керек. Кыргыз эли жөнүндө сизде кандай пикир жаралды?

–  Кыргыз  элинин  ата-бабасы көчмөндөр болгондуктан кыргыздардын эрки абдан күчтүү экен. Чыгармаларда эркектер эле эмес, аял каармандардын да эрки бектиги, кайратмандыгы абдан жакшы сүрөттөлгөн. Кыргыздар өзүнүн каада-салтын сактоо менен бирге аларды жоготпогонго аракет кылат экен. Шотландияда кыргыз элинин салт-санаасын билмек турмак, ушундай эл бар экенин билбеген-дер көп. Кыргыздар тууралуу бүркүт салганды кино тасмалардан көрүшкөндүктөн, алар Борбордук Азиядагы элдер бүркүт салышып гана тоодо жашайт экен деген түшүнүктө. Эпостордо уруулардын ортосундагы кагылышуулар тууралуу көбүрөөк жазылыптыр. Ошондой эле ошол учурдагы кыргыз элинин тарыхый турмушу кошо камтылыптыр. Дагы бир кызыктуу жагы ал чыгармаларда сүйүүнүн конфликти кеңири чагылдырылыптыр. Сайкалдын мага жакканы ал баатыр кыз эле болбостон, бардык жагдайда жол таба билген акылмандыгы болду. Манас ага “ мага тийбесең урууңду чабам” дегенде “тигил дүйнөдө жарың болоюн” деп кутулуп кеткен экен. “Ак мөөр” чыгармасында да сүйүүнүн конфликти жакшы сүрөттөлгөн. Кичи эпостордун англис тилине  которулап  жатканы  абдан  жакшы. Анткени батыш мамлекеттери кыргыз элинин тарыхы, маданияты, адабияты, турмуштук образы менен таанышышып, кыргыздардын кандай эл экенинин жакшы билип алышат.

– Буга чейинки сапарыңызга салыштырмалуу азыр Кыргызстандан кандай өзгөрүүнү көрө алдыңыз?

– 2011-жылга караганда Кыргызстанда азыр көптөгөн өзгөрүүлөр болгонун байкадым. Мындан 7 жыл мурда келгенде 30 жаштагы адамдар жалаң эле орусча китеп окуганын көргөм. Азыр китептерди англис тилине которушуп, дүйнөгө кыргыз маданиятын тааныштыралы деп жатканы колдоого аларлык. Жаштар азыр орус-ча эле сүйлөшпөстөн, англисче да сүйлөп баштаптыр.

– Кыргыздардын дүйнө таанымына,  руханий  дүйнөсүнө  берген бааңыз?

– Кыргыздардын дүйнө таанымы тууралуу айтыш мен үчүн азыр бир аз кыйыныраак. Анткени менин келгениме бир жумадай эле убакыт болду. Буга чейин деле көп убакытка келген эмесмин. Бирок, руханий дөөлөттөргө бай экенин, кыргыздардын “мен кыргызмын” деген духу баарынан жогору турганын байкадым.

– Кыргыз эли, жери жактыбы?

–  Мындай  меймандос  элди  көргөн эмесмин. Кыргызстанга келгенден тартып кыргыз интеллигенциясынын көптөгөн өкүлдөрү менен жолугуштум. Мен вегетарианка болгондуктан эт кошулуп жасалган тамактарды жей алган жокмун. Барган жерлердин баарында кой союп коноктошту. Алар менен баарлашып, убакытты абдан кызыктуу өткөрдүм. Элет жерине барып, алардын турмушун да көрүп келдим. Мага абдан жакты. Бизде деле тоолор, ажайып кооз жерлер бар, бирок силердегидей гүл каптап турган тоолор азыраак. Силерде жапайы гүлдөр сонун болуп өсүп турат экен. Суусамыр, Сары-Камыштагы Төр-Жайлак жайлоосу абдан жакты. Адамдын колу жетпеген гүлгө оронгон жерлер көп экен.

– Кыргыздын улуттук тамакта-рын жеп, кымыз ичип көрдүңүзбү?

– Мен кыргыз аялдарынын тамак жасагандарын жактырдым. Жайлоодо аялдар эртеден кечке чейин тынбай иштешет экен. Эркектер аларды карап отура беришет экен. Кой союшуп, олобо деген тамакты жасашты. Ошондой малдын ич этинен жасалган биздин да тамак-ашыбыз бар. Койдун карынына эттерди салып, биз да бышырабыз. Абдан даамдуу тамак болот. Силердин улуттук тамактарыңар абдан даамдуу экен. Мен вегетарианка болгондуктан көп жей албадым. Ал эми кымыздын саамал, сүт, бышкан кымыз деген түрлөрүн көрдүм. Ичти оорутат дешкенинен, аны ичкенден корктум. Бирок, кымыздын түрлөрүнөн ооз тийдим. Өзгөчө чаначка жасалаган кымыздын даамы башкача болот экен. Бул оокаттарды батыш адамдары ичиш үчүн көнүш керек. Суусамырдын ичинен бал аарычылык менен алектенген кишиге жолуктум. Ал мага бал берди. Абдан даамдуу экен. Аны мекениме алып кетем.

– Сиз алып кетип жаткан чыгармалар канча убакта жарык көрөт?

–  Мекениме  баргандан  кийин  орус жазуучусунун  китебин  редакциялайм. “Жаныш-Байыш” чыгармасын кайра бир сыйра карап чыгам. Анткени бу сапар Кыргызстандын кооз табиятын көргөндөн кийин менде дагы ойлор пайда болду. Андан сырткары дагы 3 жаңы текст алып кетип жатам, аны редакциялап чыгам. Бул жерден Мухаммед пайгамбар жөнүндө англисче китеп жазылыптыр, анын текстин редакциялайм. Бул чыгармалардын ар бири көлөмдүү жана окуяларга абдан бай, ошол эле учурда татаал. Андыктан бул чыгармаларды өзгөчө көз караш менен иштеп чыгуу керек. Балким, ал китептердин текстинин баарын компьютерден карап чыкканга 1 жылдай убакыт кетет.

– Ысык-Көлгө түштүңүзбү?

– Быйыл Ысык-Көлгө бара албай кал-дым. Буга чейинки сапарым кыш айларына туш келгендиктен анда да көлгө түшө алган эмесмин. Мүмкүн, дагы бир келгенде барармын. Бизде деле көлдөр бар болгону менен силердикиндей гүл каптаган кооз талаалар, тоолор жок.

– Кыргызстандагы дос-курбуларыңызга, жалпы эле кыргыз элине кандай каалоо-тилегиңиз бар?

– Бул жерден таанышкан досторумдун, замандаштарымдын ден соолуктары чың болуп, бакубаттуулукта жашашсын. Ар биринин жүрөгүнөн дайыма жалын чыгып турсун. “Мен кыргызмын” деген духтары бийик болуп, маанайлары дайыма жаркын болсун. Кыргызстандын дүйнө элдери менен достугу бекем болуп, өз маданиятын, тарыхын бөтөн элдерге таанытып, өсүп-өркүндөй берсин!