Грузияда кара куурайды пайдаланууга уруксат берилди

Грузиянын Конституциялык соту өлкө аймагында марихуананы пайдаланууга уруксат берди. Аталган чечим 30-июлда кабыл алынган. 

Маалыматка ылайык, буга чейин оппозициялык партиянын лидерлери марихунаны колдонууга карата коюлган чектөөлөрдү алып салуу боюнча сотко доо арыз менен кайрылган. Алар аталган чектөөлөр адамдын эркин өнүгүшүнө тоскоолдук кылат деген жүйөө келтиришкен. Сотко доо арыз менен кайрылгандар «биз марихуна үчүн эмес, эркиндик үчүн ушундай кадамга бардык» деп баса белгилешкен.

Төрт судьядан турган коллегиянын 30-июлдагы чечими марихуананы колдонууга гана байланыштуу. Өлкөдө кара куурайды өстүрүү жана сатуу мурдагыдай эле кылмыш деп саналат.

Өкүмдө мариухана чеккен адам үчүнчү тарапка коркунуч келтиргенде гана аны жазалоо Конституцияга ылайык келери белгиленген.

Расмий маалыматтар боюнча, Грузияда 10 миң жарандын 29у баңгизат колдонот. Анын ичинен 64 пайызы марихуана баңгизатын пайдаланат.

Айта кетсек, марихунаны пайдаланууга Чехия, Голландия, Бельгия, Улуу Британия, Швейцария, Австралия, АКШ жана Канада өлкөлөрү жартылай жана толук түрдө уруксат берген.